Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Багдадда аскерге чакырылган уландар жардырылды


Соңку маалыматтарга караганда 35 адам набыт болуп, 138 адам катуу жаракат менен ооруканага жеткирилди. Аскерий имараттын алдында армияга чакырылган жаш жигиттер үймөлөктөшүп турганда машина жардырылган. Анын рулунда жанкечти отурганы маалым болду.

Кечээ болсо Багдаддын түндүгүндөгү Балад калаасында АКШнын аскер базасы ракета менен аткыланган. Үч аскер окко учту.

Кечээ Басрадагы мунайзат түтүгү да жардырылып, байкоочулардын айтымында, Ирактын мунайзат экспорту катуу жапа чекти.

XS
SM
MD
LG