Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

АКШда көз карандысыз комиссия корутунду докладын даярдоого киришти


Кечээги талкууларда комиссия 2001-жылы 11-сентябрда террордук аламандардын мизин майтарганга өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү даяр болгон эмес деген бүтүмүн угузду. Андан мурда комиссия Саддам Хусейндин режими “Ал-Каидага” жардамдаш болгону ырасталбагандыгын да белгиленген эле. Бу тыянактарга президент Жорж Буш макул болгон жок. Администрация 11-сентябрдагы иштерди “Ал-Каида” менен Саддам Хусейн даярдады деп эч качан айткан эмес, биз болгону алардын ич ара карым-катнашы болгонун,атап айтканда, Ирактын чалгынчысы Суданда бин Ладен менен жолугушканын айтканбыз, деп билдирди Буш. Америкалык президенттин ишениминде, Саддам “Ал-Каида” сыяктуу эле АКШнын элдешкис жоосу болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG