Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:36

Иракта кечээ кырктан ашуун адамдын өмүрү кыйылды


Багдадда армияга чакыруу пунктуна жакын жерде жарылган бомбадан отуз беш киши мерт болду, ал эми шаардын түндүк четинде Ирактын алты солдаты өлдү. Жарадар болгондордун жалпы саны 140тан ашты. АКШнын коргоо министринин орунбасары Пол Вулфовиц кечээ Мосул шаарында болуп, Ирак коопсуздук күчтөрү өз милдетин аткарганга али чабалдык кыларын белгиледи. 1-июлдан кийин коалиция аларга ар тараптан жардамдашат, жергиликтүү коопсуздук күчтөрүн мыктылап даярдоо үчүн олуттуу чаралар көрүлөт, деп айтты ал.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG