Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

18-июнда өкмөт Мыйзам чыгаруу жыйынына өлкө аймагындагы уулуу заттардын калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат берди. Анын соңунда атайын токтом жана атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигине кайрылуу кабыл алынды.

Кыргызстандагы уу калдыктары сакталган жайлар жана алардын абалы тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев жана экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев депутаттарга маалымат берди.

Жумалиевдин айтымында, СССРдин убагында жүргүзүлгөн кен казуу жана иштетүүнүн натыйжасында өлкө аймагында уулуу заттардын калдыктары сакталган 35 жана тоо кен таштандылары жыйылган 25 жай калган. Жумалиевдин айтымында, уулуу заттардын калдыктарын көмүүнү долбоорлоо учурунда мындай кемчиликтерге жол берилген:

- Уу калдыктарын сактоочу жайларды долбоорлоодо көптөгөн жылдар ичинде жүргүзүлө турган иш-чаралар, сел, көчкүнүн жүрүүсү сыяктуу факторлор эске алынган эмес. Алар андан сырткары Майлуусуу, Шакафтар, Миңкуш, Кажысай сыяктуу эл жашаган пункттарга жакын жерге топтолгон.

Жумалиевдин айтымында, уулуу заттардын калдыктарын зыянсыздандыруу үчүн кеминде 31 миллион доллар керек. Бюджетте мындай каражат жоктугуна байланыштуу өкмөт эл аралык уюмдардан акча жыйноого аракет жасап, натыйжада 12 миллион 600 миң доллар топтоого жетишти. Мына ошол каражаттын эсебинен быйылкы жылы Майлуусуудагы уран калдыктарын коопсуздандыруу ишине 1 миллион 600 миң доллар жумшалса, Россия бөлгөн 160 миң, АКШ берген 400 миң доллар Кажысайдагы ушундай иштерге багытталат. Ал эми Актүздө зыянсыздандыруу иштерине Чехия өкмөтү бөлгөн 260 миң доллар жумшалмакчы.

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев кыргыз өкмөтү тарабынан бул иштерге аз каражат бөлүнүп жатканына мындайча токтолду:

- Акыркы төрт жылда уулуу заттардын калдыктарын зыянсыздандыруу иштерине болгону 2 миллион 800 миң сом гана бөлүндү. Андан сырткары бизде радиактивдүү калдыктары бар обьектерди зыянсыздандыруу иштерин долбоорлой ала турган уюм да жок. Казакстан менен Өзбекстандын андай институттары да Россиянын көмөгү менен гана иштей алат. Өткөн жылы Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттикке мүчө болушубуз бул кенемтени толтурууга жардам берет деп ойлоймун.

Депутаттарды СССРдин убагындагы эле эмес, азыркы кезде“Кумтөр” кенин иштетүүдөн пайда болуп жаткан уу калдыктары, Карабалта тоо кен комбинатынын уулуу таштандыларындагы абал да тынчсыздандырды. “Кумтөрдөгү” уулуу калдыктар сакталган жай тууралуу Тоо кен иштерин жүргүзүүдө коопсуздукту көзөмөлдөөчү мамлекеттик мекеменин башчысы Турарбек Саркулов “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Эгерде катуу жер титирөө болбосо жана башка табыйгый кандайдыр бир чукул өзгөрүүлөр катталбаса эле долбоор менен курулган уу калдыгын сактоочу жай коопсуздук талаптарына жооп берет. Азырынча ал тараптан коркунуч жок.

Бирок Саркулов жалпы климаттын жылып баратышы өз таасирин тийгизип жатканын моюнга алды:

- Жылуулук өз таасирин тийгизип атат. Уу калдыктырынын асты түбөлүк муз. Бирок ал аздап ээрип жатат. Андан коркунуч жок. Бирок кубулуш туруктуу көзөмөлдүн астында.

Депутаттар өкмөттүн эл аралык уюмдардан каражат алуу аракетин оң баалап, бирок каражатты натыйжалуу пайдалануу жагына көңүл буруу зарылдыгын белгилешти.

Талкуунун соңунда кабыл алынган токтомдо уу калдыктарын зыянсыздандыруу иштерин күчөтүү, коңшу мамлекеттерге, эл аралык уюмдарга Кыргызстанда түзүлгөн экологиялык оор кырдаал тууралуу маалымат берүүнү өкмөткө тапшырды.

Андан сырткары депутат Турдакун Усубалиев тарабынан даярдалган Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке парламенттин кайрылуусу жактырылды. Ал кайрылууда Кыргызстан эле эмес, Борбор Азиянын экологиясына зыян келтирүүчү уу калдыктарын коопсуздандырууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү айтылган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG