Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

АСТАНАДА ЕврАзЭСтин ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ


18-июнда Астанада ЕврАзия экономикалык шериктештиги – ЕврАзЭС уюмуна мүчө мамлекеттердин президенттери жыйын курушту. Ага Казакстан, Орусия, Белорус, Тажикстан жана Кыргызстандын мамлекет башчылары катышты. Жолугушууда уюмдун мыйзамдык негиздеринин статусу тууралуу келишим баштаган 18 маанилүү документке кол коюлду.

Астанага Евразия экономикалык шериктештиги (ЕврАзЭС) уюмунун бул жолку отурумуна Путин, Лукашенко, Рахмонов, Акаев жана Назарбаев катышты. Байкоочу катары Армениянын президенти Роберт Кочарян келди.

Кыргызстандын президенттинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ЕврАзЭСтин мамлекеттер аралык кеңешинде бул ирет экономикалык интеграцияны чыңдоонун жолдору талкууланып, анын жыйынтыгында 18 документке кол коюлду.

Алардын арасында уюмга мүчө мамлекеттер ортосунда Сырдарыя жана Амударыя бассейнинин суу-энергетикалык байлыктарын майнаптуу пайдалануу, ЕврАзЭС аймагында темир жол жүктөрүнө бирдиктүү тариф киргизүү, Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүдө уюмга мүчө мамлекеттер ортосунда бир пикирди кармануу тууралуу бир катар олуттуу келишимдер бар.

Мындан тышкары, ЕврАзЭСтин өнүгүүсүнүн артыкчылык берилген багыттарынын 2003-2006-жылдардагы программасы да талкууланды.

Аталган программанын алкагында Кыргызстан кандай саясатты карманаарын президент Аскар Акаев өз сөзүндө мындай деп билдирди:

- Бул программага ылайык биз шериктештиктин алкагында бирдиктүү бажы мейкиндигин, энергетикалык орток базарды, капиталды эркин жүгүртүүнү жана транспорт биримдигин түзүүнү жактайбыз.

Аскар Акаев андан ары, Кыргызстан өзүнүн эң ири ГЭСинин курулушун ЕврАзЭСтин алкагында бүтүрүүнү көздөй турганын да жашырган жок:

- Кыргызстан Евразия шериктештигинин келечектеги ишмердүүлүгү менен аймактагы эң ири Камбарата ГЭСин куруу планын байланыштырат. Ал Борбор Азияны суу жана электр кубаты менен камсыздоо маселесин чечип, бирдиктүү энергетикалык базар түзүүгө жакшы өбөлгө түзөт.

Аскар Акаев бул сөздөрүн Лев Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде өткөн «Евразиядагы интеграция: заманбап өнүгүүнүн тенденциялары жана дүйнөлөштүрүүнүн чакырыктары» эларалык форумунда айтты.

Ушул эле форумда Орусиянын президенти Владимир Путин да сөз сүйлөдү. Анын айтымында, азыркы заманда ынтымактын жана кызматташтыктын күчү менен гана дүйнөдөгү атаандаштыкка туруштук берүүгө болот:

- Бул жыйынга келген баардык президенттер биздин мамлекеттердин элдеринин мүдөөлөрүн аткарып, советтер союзунун кулашынын натыйжасындагы жоготуулардын ордун толтурууну көздөп жатышат. Эми мамилени мамлекет башчылары таптакыр жаңы негизде, мурда болуп көрбөгөн пайдубалга таянып түзүүгө аракет жасап жатышат.

Президент Путин ЕврАзия мамлекеттеринин башын кошуп, бирдиктүү аймак түзүүгө соңку жылдарда катуу аракет кылып келаткан Казакстандын президентин колдоого ала турганын билдирди.

Нурсултан Назарбаев ЕврАзЭСтин мамлекеттер аралык кеңешине төрагалык да кылат. Ал өз сөзүндө уюмга мүчө өлкөлөр ортосундагы эң талылуу маселе катары мигранттардын укуктарын коргоону көтөрдү. Ошондой эле казак президенти темир жол тарифтери боюнча бир ымалага келүүгө башка мамлекет башчыларын үндөдү.

18-июнда Астанада дагы бир жыйын өттү. Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмуна ЕврАзЭСке кирген мамлекеттер жана Армения мүчө. Анда аймактагы аскерий-саясий кырдаал, эл аралык коопсуздукту сактоодогу уюмдун жасап жаткан иштери, максаттары боюнча пикир алмашуу болду.

Мындай жолугушуулардын пайдасы канчалык? Президенттердин байма-бай жыйындары элге эмне берет? Ушундай суроо менен кеңсеси Бишкекте жайгашкан "Борбор Азиядагы өнүгүү жана кызматташуу" деп аталган бейөкмөт уюмдун адиси Жамиля Кушчубековага кайрылдык. Анын айтымында, президенттер кол койгон мындай макулдашуу, келишимдер – ал эми ЕврАзЭСтин алкагында 70тен ашуун документтерге кол коюлган – кагаз бетинде калбай, иштесе гана андан карапайым эл утат:

- Эгерде президенттер кабыл алган макулдашуулардын баары турмушка ашса гана уюмдун келечеги кең болот. А эгер уюмга мүчө мамлекеттер аларга кол коюп туруп, анан дароо эле унутуп калса, ар ким өзү менен өзү иш кылса – анда бул кагазда гана жашаган уюм болуп калат.

XS
SM
MD
LG