Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

АМЕРИКАЛЫК ОЙЛОП ТАБУУЧУНУН КЕМЕСИ КОСМОСКО УЧКАНЫ ТУРАТ


Чолпон Орозобекова, Прага Америкада жашаган Бөрт Рутан (Burt Rutan) өзү ойлоп тапкан менчик космостук кемесин учураарына 3 күн калды. Эгер анын бул аракети ийгиликтүү ишке ашса, анда ал 10 миллион доллар сыйлык жеңип алышы ажеп эмес. Эгер ойлоп табуучунун көптөн тилегени орундалса буга чейин аны колдоп келген миллиардер анын космостук ойлоп табууларына олуттуу каражат салууга убада кылууда.

Бөрт Рутан көп жылдардан бери учактарды долбоорлоп, космостук кемелерге кызыгып жүргөн. Ал долбоорлогон “СпейсШипУан” (SpaceShipOne) аттуу космостук кемеси болжол менен жерден 100 чакырымдай бийиктикте учушу керек. Бөрт Рутанды колдоп аткан миллиардер Пол Аллен (Paul Allen) дүйнөгө белгилүү “Майкрософт” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Эгер Рутандын кемеси жерге ийгиликтүү консо, анда Пол Аллен бул кемеге көп каражат салып, аны өнүктүрүш үчүн керек болсо чоң ишкана да курарын убада кылууда.

Бөрт Рутан дүйнөгө атактуу “Ансари Х прайз” (Ansari X prize) сыйлыгын алууга ынтызар. Бул сыйлык космосту иликтөөгө кызыккан ишкерлер тарабынан жеке космостук ойлоп табууларды колдош үчүн чыгарылган.

Бул сыйлыкта алыш үчүн Рутан эки апта ичинде 90 чакырымдан ашык бийиктикте эки жолу учушу керек. Бирок жалгыз эмес, кемесинде үч киши болгону шарт. Рутан азырынча мындай тобокелдикке баруудан чочулап турат. Мисалы, май айында кемеси 60 чакырым бийиктикте учууга жарады.

Ал эми анын демөөрчүсү миллиардер Аллен болсо бала кезинен космоско кызыгат. Баш аягы космос жаатында ойлоп табууларга жана курууларга 20 миллион доллардай каражатты короткон.

Бөрт Рутан космос жаатындагы ойлоп табуулары боюнча өзүн буга чейин эле көрсөтүп койгон. Жаңы кеме Рутан үчүн дүйнөдөгү мыкты космостук ойлоп табуучу жана инженер экенин далилдей турган дагы бир жаңы мүмкүнчүлүгү. Эскерте кетели, 1986-жылы Бөрт ойлоп тапкан учак эч кандай май куйбастан жер шарын айланып чыккан.

Америка Конгресси бир убакта коммерциялык жол менен элге космостук саякаттарды уюштуруу жөнүндө мыйзамды кабыл албай койгон эле. Көз карандысыз космос иликтөө адиси Чарльз Лерайо “убагында бул жөнүндө мыйзам турмушка кирип калганда космостук ойлоп табуулар элди таң калдырар доордун жаңылыгы эмес, балким, кадыресе саякатка айланып калмак” деп өкүнөт.

Бөрт Рутан өз ойлоп табууларын коомчулуктан жашырбайт. Ал машыгуу өткөрүп атканда учуу тилкесинде эл быкпырдай кайнап кетет. Ал “элге адамзаттын колунан баары келээрин көрсөтүп, далилдешибиз керек” деген принципти карманат.

Байкоочулардын баамында, “Х-прайзга” атсалыша турган ойлоп табуучулардын катары калың. Алардын көбү жашыруун иштеп, өз кемесин Бөрт Рутандыкынан кем элестетишпейт.

Алдыдагы дүйшөмбүдө - 21-июнда Бөрт Рутан өз кемесин сынап көргөнү жатат. Учкучтун азырынча аты-жөнү белгисиз. Ал кемени жалгыз башкарат. “Х прайз” сыйлыгынын негиздөөчүлөрүнүн бири Питер Дайамандис (Peter Diamandis) азырынча бул кеме сыйлыкка талапкер боло албаса да, жеке адамдардын колунан чыккан чакан кемелер да уча алаарын тастыктайт дейт:

-“СпейсШипУандын” күтүлүп жаткан учушу тарыхый окуя болот. Биз мамлекеттин миллиард долларлык колдоосу менен гана космос кемелерин курганга көнүп калганбыз. Берт Ратан жана анын компаниясы кыялдар менен жеке адамдардын да аракети турмушка ашарынын дагы бир далили болот.

Бирок Бөрт Рутандын ийгилигине күмөн санагандар да жок эмес. Мындай космостук иликтөөлөргө мониторинг жасаган “Глобалсекюрити” (GlobalSecurity) тобунун жетекчиси Жон Пайк (John Pike) мындай дейт:

- Бул деген акылсыздык. Адам өмүрүнө зыян келбесе экен деп чочулап турам, ишенип койгула, мунун космоско эч бир тиешеси жок. Акыл-эси ордунда адамдар бул долбоорго жакындарын такыр жолотпойт. Менимче, кимдир-бирөө набыт болгондо гана мындай жеке ойлоп табуулар менен алектенген ишканалар жабылат окшойт.

Ал эми Рутандын нечендеген замандаштары аба- ырайы жакшы болуп, күтүүсүз кырдаалдар болуп кетпесе, анын космостук кемеси балким, дагы бир ири ачылышка күбө кылар деген үмүттө.

XS
SM
MD
LG