Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Газа тилкеси менен Мисир ортосунда Израил аң казуууга киришүүдө


Израилдин коргоо министрлиги кечээ күнү өзгөчө тендер жарыялады. Анда жеңип чыккан компания Газа тилкеси менен кошуна Мисир мамлекети ортосунда узундугу төрт чакырым жана тереңдиги 25 метр келген аңгел казып чыгат. Жөөт өкмөтүнүн айтымында, Мисирден Палестинага курал-жарак жер алдындагы үңкүрлөр аркылуу тымызын жеткирилет жана андай аткезчиликти ушинтип кана токтотуу мүмкүн.

Палестина бийлигинин пикиринде, мындай чаралар ишке ашырылса, дагы көптөгөн арабдын үйү бузулат. Май айынан бери жөөт аскерлери Газа тилкесинде 575 адамдын үйүн бульдозер менен түрттүрүп салган.

XS
SM
MD
LG