Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Ооганстандын Гор дубанындагы кагылышуулардан улам анын акими качып чыкты


Ооганстанда кечээ күнү кечинде оор салгылашуу болуп, Гор провинциясынын акими Ибрагим Маликзада борбор калаа Чагчаран шаарынан кошуна Гератка качууга аргасыз болду. Провинциянын полиция башчысы генерал Замандын айтымында, бир кезде Гордон куулуп чыккан аскербашы Абдул Салам Хандын куралдуу топтору чабуул жасап, азыр Чагчаран шаарын ээлеп алды. 2001-жылы Ооганстанда Талибан бийлиги кулатылгандан кийин, өлкөдө ич-ара кагылышуулар көп жана жергиликтүү башчылар борбордук өкмөткө дээрлик баш ийбейт.

XS
SM
MD
LG