Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:51

Үй куруучулар жер бөлүшө албай жатышат


БИШКЕК. Бишкек шаарындагы «Келечек» жаңы конушунун жанындагы 3,25 гектар жер үй куруучулар үчүн бир ыктай чечилбей жатат. Мындай доо менен «Азаттыкка» конуштун тургуну Максат Кошбаева баштаган үй куруучулар кайрылышты. Алардын айтымында, мурда Кубан Алмейизов аттуу тургундун карамагында болгон бул аянтка турак үй курууга уруксат берүү чечимин Бишкек шаардык мэриясы жыл башында чыгарган. Мурда жерди ээлеп алган 63 үй куруучу токтомго ылайык жерге кеткен чыгымдын акысына Алмейизовго 315 миң сом төлөп беришкен.

Ошого карабастан үй куруучулардын башка тобу бул жерди талашып жатышат, дешет үй куруучулар. Күнөө тагылып жаткан тараптан 36 үй куруучу болсо буга чейин «Агым» гезити аркылуу президент Акаевге жана акыйкатчы Бакир уулуна кайрылуу жолдошуп, анда атаандаштарын ушул эле негиздер менен айыпташкан.

Бул маселеге түшүндүрмө берген Архитектуралык көзөмөл башкармалыгынын башчысынын орун басары Анатолий Летриктин айтымында, аталган жерге турак үй куруу тууралуу токтом чыккан. Бирок жер бөлүштүрүлө элек. Ал эми жер талаш үй куруучулардын жерди мыйзамсыз, өз алдынча, ээлеп алышынан келип чыгууда, дейт Летрик.

XS
SM
MD
LG