Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

Аманатчылар нааразылык акциясына чыгышты


БИШКЕК. Рентонгрупп» компаниясынын жетекчилигине алданган 300гө жакын аманатчылар бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар «Демократтар, зордук-зомбулукту токтоткула!», «Кыргызстандын Башмыйзамынын гаранты, уурдалган акчаны элге кайтарып берүүгө жардам бер!», «Өлкөдө коррупиянын кыскарышын, бекем тартип болушун талап кылабыз!» дегендей жазуулары бар палакаттарды кармап турушту. Аманатчылар менен жолугушууга "Рентонгрупп" ишканасына алданган атуулдардын маселесин иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын башчысы Акбөкөн Таштанбеков чыгып, алардын талабы аткаруу бийлиги тарабына чечиле турган маселе экенин билдирди. Андан соң аманатчылар келээрки аптада да нааразылык акциясына чыгышаарын эскертишип, тарап кетишти.

«Рентонгруп» компаниясынын жетекчилиги 2003-жылдын август айында үч миңден ашуун атуулдун 250 миллиондой сом каражатын алып, белгисиз жакка качып кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG