Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:15

Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясынын күн тартиби каралды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук иштери боюнча комитети парламенттин 23-июнда баштала турган сессиясынын күн тартибиндеги негизги маселелерди талкуулады. Алардын катарында Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын, премьер-министр Николай Танаевдин, акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун отчеттору, ички иштер, коопсуздук жана чегара кызматтарынын террордук аракеттерди алдын алуу камылгалары тууралуу маалыматтары бар.

Комитет коопсуздук, чегара жана ички иштер кызматтарынын маалыматтарын журналисттерден жашыруун укту. Эл өкүлдөр жыйынынын басма сөз борборунун маалыматына караганда, атайын кызматтардын өкүлдөрү депутаттарга радикалдык исламдын, диний экстремизмдин таасири жана ага каршы чаралар тууралуу маалымат беришти. Ички иштер министрлиги өткөн төрт жылда диний каршылыкты жараткан 347 факт катталып, алардын 257сине кылмыш козголгонун билдирди. Чегара кызматынын маалыматы боюнча, өткөн жылы чегараны бузуу фактысы боюнча 160, өткөн беш айда 44 адам кармалган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG