Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:55

Астана жыйыны аяктады


БИШКЕК. Бүгүн Астана шаарында Евразия экономикалык шериктештигине кирген өлкөлөрдүн мамлекеттер аралык кеңеши өттү. Ага Орусиянын, Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Белорусия мамлекет башчылары катышты. Армениянын президенти байкоочу катары келди.

Казакстандык массалык маалымат каражаттарынын маалымдоосуна караганда, отурумдун соңунда Борбор Азиядагы суу-энергетикка ресурстарын натыйжалуу колдонуу, Евразия экономикалык шериктештикке кирген өлкөлөрдүн аймагында темир жол менен жүк ташууда бирдиктүү тариф киргизүү, Мыйзам чыгаруунун негиздеринин статусу тууралуу жана шериктештикке кирген өлкөлөрдөгү баалуу кагаздар базарындагы кызматташтыкты чыңдоо тууралуу келишимдерге, баш-аягы 18 документке кол коюлду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG