Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

АМАНАТЧЫЛАРДЫН АКЧАСЫ КАЙТАРЫЛАБЫ?


«Рентонгрупп» компаниясына акчасын алдатып жиберишкен 300гө жакын аманатчы бүгүн Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыгышты. Алар Кыргыз өкмөтүнөн жана президенттен алдатып жиберишкен акчаларын кайтарып берүүгө көмөк көрсөтүүнү талап кылышты. Пикетчилерге Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акбөкөн Таштанбеков чыгып жолугуп, «Рентонгрупп» компаниясынын айланасындагы чыр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын аткарган иштери тууралуу маалымат берди.

«Рентонгрупп» компаниясына акчаларын алдатып жиберишкен аманатчылар дээрлик 10 айга жакын убакыттан бери түрдүү нааразылык акцияларын өткөрүп келишүүдө. 18-июнь күнү 300гө жакын улгайган адамдар Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыгышты. Алардын негизги талабы «Рентонгрупп» ишканасынын жетекчиси алып качып кеткен 250 миллион сомду аманатчыларга кайтарып берүү.
Аманатчылар бул акчаны кыргыз өкмөтү жана президент кайтарып берүүгө тийиш деген талаптарын коюшту:

- Бизди мамлекет тоноду. Себеби «Рентонгрупп» ишканасы да, бардык баалуу кагаздар да мамлекеттин көзөмөлү астында түзүлгөн. Президент жана башка мамлекеттик чиновниктер аягында ушундай болорун билип туруп, уруксат беришкен. Ошондуктан биринчи кезекте алар күнөөлүү, -дейт 78 жаштагы аманатчы Василий Борисов .

Ал эми 80 жаштагы Геннадий Михайлов менен Галина Лыкова аманатчылардын алданып калуусуна өкмөт менен президент күнөөлүү деп эсептешет.

«Рентонгрупп» компаниясынын жетекчилиги 2003-жылдын август айында белгисиз жакка качып кеткендиги маалымдалган. Демилге тобунун маалыматы боюнча, ишкана жетекчилиги үч миңге жакын атуулдун 250 миллиондой сом акчасын алып кеткен. Ошондон бери аманатчылар Кыргыз өкмөтүнө, Жогорку Кеңешке, президентке жана акыйкатчыга бир нече жолу кайрылышкан.

Мындан сырткары мамлекет башчысы өткөн жылдын декабрь айында улттук телерадио корпорациясы аркылуу "түз эфирде" сүйлөгөн сөзүндө жакынкы күндөрү күнөөлүүлөрдү таап, аманатчылардын акчасын төлөтүп берүүнү убада кылган. Андан бери жарым жылдан ашуун убакыт өтсө да эч кандай натыйжа жоктугуна нааразы болгон пикетчилер акчаны кайтарып берүүнү президенттен талап кылышты.

Аманатчылардын талабы менен буга чейин өкмөттүк, парламенттик комиссиялар түзүлгөн. Пикетчилерге депутаттык комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кенештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акбөкөн Таштанбеков чыгып жолугуп, комиссиянын иши тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, депутаттык комиссия «Рентонгрупп» компаниясынын айланасындагы чырды изилдеп чыгып, жок дегенде аманатчылардын компанияга салган алгачкы акчаларын кайтарып берүүгө мүмкүн экендигин аныктаган:

-- «Рентонгрупп» компаниясы элден чогулткан акчаларына бир нече ишканаларды сатып алган. Кантта цемент заводу, Бишкекте дагы бир топ майда ишканалары бар экен. Бирок булар жалган документтер менен сатылып кеткен. Сот аркылуу ошол документтерди жокко чыгаруу керек. Ушул ишканалар эле аманатчылардын компанияга төлөгөн акчасын кайтарып берүүгө жетет. Ал үчүн жалпы аманатчылардын акчасысынын компанияга алгачкы салынган суммасын тактап чыгуу керек.

А.Таштанбековдун айтымында, Мыйзам чыгаруу жыйыны ушул айдын аягына чейин комиссиянын ишин палатада карамакчы.

Нааразылык акциясынын катышуучулары талап кылышса да алар менен жолугушууга президенттик администрациядан жана өкмөттүн аппаратынан өкүлдөр келген жок. Депутат менен сүйлөшкөндөн кийин пикетчилер таркап кетишти.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG