Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:07

ДҮЙНӨЛҮК САЛАМАТТЫК САКТОО УЮМУНУН ӨКҮЛҮ БИШКЕКТЕ


Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа боюнча регионалдык бюросунун директору Марк Данзон Бишкекте эки күндүк иш сапары менен болду. Ал премьер-министр Николай Танаев, парламенттин жана саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилери менен жолугушуп, өлкөнүн ден соолукту сактоо тармагын реформалоонун мындан аркы багыттарын талкуулады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун регионалдык директору Марк Данзон Кыргызстанга саламаттык сактоо тармагын реформалоо боюнча буга чейин жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын чыгарып, келечек багыттарды тактоо максаты менен келди. Ал жума күнү премьер-министр Николай Танаев менен кезиккенден кийин Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын буга чейинки реформалоо натыйжалуу жүрдү деп баа берди. Мындан ары төмөнкү милдеттерди аткаруунун зарылдыгын билдирди:

- Буга чейин жүргүзүлгөн реформа жакшы болду. Эми реформаны улантуунун мындан аркы эң маанилүү баскычы - бул - саламаттык сактоо тармагын адаптациядан өткөрүү жана учурдун талабына ылайык техникалык жактан жабдууну жакшыртуу. Бул тыным албай турган процесс, биз аны кандайдыр бир учурда токтотуп, буга чейин жасалгандар кыргыз элинин муктаждыгын канааттандырууга жетиштүү деп айта албайбыз.

Марк Данзон мындан тышкары баңгичиликке, СПИД жана кургак учук оорусуна каршы күрөштү күчөтүп, тармакты каржылоо жана жаңы техника менен жабдуу милдети алдыда тургандыгын белгиледи.

Ал эми кыргыз тарап Марк Данзондун келиши менен саламаттык сактоо тармагын реформалоого жаңы донорлорду табуу жана башка демилгелерине каржылык колдоо көрсөтөт деген үмүтүн билдирди. Ал тууралуу саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов мындай деди:

- Жардам бере турган адамдардын келгени бизге абдан пайдалуу. Себеби, булар кийин бизге зарыл ири донорлорду таап, алардын макулдугун алып, чоң каражаттардын келишине шарт түзүп берет. Өзүңүздөр жакшы билгендей, бизде табигый кырсыктар көп болот жана андан жапа чеккен адамдардын саны да арбын. Ушундан улам биз бул уюмдун көмөгү менен табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү боюнча медициналык борборду түзөлү деп жатабыз. Андай борборду уюштурууга биздин бюджеттин каражаты жетпейт. Эгер булар жардам берип, бай өлкөлөрдөн көмөк берчүлөрдү таап бере турган болсо, борборду түзөлү деп жатабыз. Уюм биздин бул демилгени абдан жакшы колдоп жатат.

Кыргыз тарап мындан тышкары өлкөнүн уюм алдындагы карызын жоюу маселесин күн тартибине койду. Саламаттык сактоо министри Миталип Мамытовдун айтымында, Кыргызстан уюмга жыл сайын 14 миң долларга чейинки мүчөлүк акысын төлөй албай жүрүп, карыздын көлөмү 140 миң доллардан ашып кеткен. Өкмөт аны төлөөгө кудурети жетпесин кыйытып, жоюуну өтүндү. Марк Данзон карызды толук бойдон жоюу мүмкүн эместигин, бирок Кыргызстандагы реформанын жакшы жүргөндүгүнө байланыштуу көлөмүн азайтуу маселеси уюмдун башкы ассамблеясына мүчө мамлекеттердин кароосуна коюларын кабарлады.

Кыргыз өкмөтү эл аралык уюмдардын көмөгү менен саламаттык сактоо тармагын реформалоо боюнча «Манас» программасын кабыл алганда эң ириде оорунун алдын алып, амбулаториялык медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, үй-бүлөлүк врачтар системасын түзүү жана мамлекеттик каржынын көп бөлүгүн ушул жакка жумшоо милдетин алдыга койгон. Ага Дүйнөлүк банк баштаган эл аралык каржы инстуттарынын 33 миллион доллардан ашык каражатын короткон.

Бирок Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ташболот Балтабаевдин айтымында, милдеттер толук ишке ашкан жок. Ошондуктан, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлүнүн реформа жакшы жүрдү деген баасы күнөм санатат. Депутат Ташболот Балтабаевдин ою:

- Реформаны жакшы деңгээлге жеткирдик дегенге мен кошула албайм. Кээ бир тартипке салуулар, тактап айтканда, аз ресурстарды натыйжалуу пайдаланууда анча-мынча жетишкендиктер бар. Бирок бул жол менен биз улуттун саламаттыгын толук бойдон чыңай албайбыз. Себеби, азыр статистика көрсөткөндөй, өнөкөт жана жугуштуу оорулар көбөйүп баратат. Андан тышкары, балдардын өлүмү менен жалпы калктын өлүмүнүн деңгээли жогорулап кетти. Бул - мамлекет тарабынан бөлүнгөн каржы, көрүлгөн камкордук жана жүргүзүлгөн иштер элдин саламаттыгын чыңдоо максатынын аткарылбай жаткандыгын айгинелейт.
XS
SM
MD
LG