Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУ ТУУРАЛУУ ОРУСИЯЛЫК ЖУРНАЛИСТТЕРДИН БАЯНЫ


Төрөкул Дооров, Москва Ушул апта ичи орусиялык басма сөз каражаттарында басылган макалаларда КМШ кызматташтыгынын деңгээлин бир катар регионалдык уюмдардын ишмердүүлүгү аркылуу чагылдырууга аракет жасалды.

Шанхай кызматташтык уюмунун Ташкендеги саммити тууралуу орусиялык басылмалардагы макалалар бири-биринен анчалык деле айырмаланган жок. Алардагы жалпы окшоштук - Шанхай кызматташтык уюмунун буга чейинки жыйындарындагы талкуунун уланышы.

Жыйындын өзгөчөлүгү катарында орус журналисттери уюмга эми Ооган президенти Хамид Карзайдын катышкандыгын жана уюмдун ишине Монголия байкоо жүргүзөөрүн бөлүп карашты.

Ооганстандагы жалпы кырдаал жана маңзаттарга каршы күрөш темаларына Шанхай кызматташтык уюмунун саммити тууралуу жазылган макалаларда кеңири орун берилди.

«Время новостей» гезити белгилегендей, «Ооган проблемалары тууралуу саммиттин баардык өкүлдөрү сүйлөштү жана бул өлкөгө эми биргелешип жардам берүү тууралуу сөздөр айтылды. Орус президенти мындан ары уюм менен Ооганстан ортосунда карым-катнашты өркүндөтүү боюнча атайын топ түзүү сунушун киргизди».

Гезиттин жазышынча, саммитте терроризм тууралуу да көп айтылды жана жалпысынан терроризмге, маңзаттарды таркатууга каршы күрөштү күчөтүүгө жана экономикалык кызматташтыкты жандантууга арналган 10 түрдүү келишимдерге кол коюлду. Анткен менен макаланын автору байкагандай, «саммит учурунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин президенттери арасында эч ким демократия тууралуу бир ооз сөз айтышкан жок».

Ташкендеги саммит тууралуу макалалар «Московские новости», «Независимая газета», «Коммерсант», «Труд» гезитинде жана башка ондогон басылмаларда айтылды.

Алардын ичинде көңүлдү бурган дагы эки макаланын бири «Независимая газетада» басылды. Журналист Наталья Мельникова бул макаласында саммитке карата Ташкенде көрүлгөн коопсуздук чаралары тууралуу кеп кылат. Анын айтымында, «бул күнү шаар, кудум, адамдардан тазаланып калгандай көрүндү. Дүкөндөр менен коомдук тамактануу жайлары толук жабылып, ал эле эмес унаа да жүрбөй калды. Коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү «Ал-Каидадан» эле эмес, «карапайым калктын кыйкырыгынан» да сактануу максаты менен көрүлдү» дейт автор.

Ушул эле теманы андан ары улаган «Известия» гезити Шанхай кызматташтык уюмунда Орусия жана Кытай өңдүү дүйнөнүн ири мамлекеттеринин ролу тууралуу ой-толгоосу менен бөлүшөт. Автордун терең ишениминде «Орусия да, Кытай да аталган уюмга мүчөлүгүн Орто Азия мамлекеттерине таасир көрсөтүүгө мүмкүндүк бере турган ыңгайлуу курал деп билишет».

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине чейин Орусиянын президенти Владимир Путин менен Өзбекстандын мамлекет башчысы Ислам Каримов ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр өттү. «Труд» гезити кабарлагандай, президенттер кол коюшкан кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча келишим Өзбекстандын экономикасына орусиялык инвестициялардын агылып келишинен кабар бериши керек. Буга мисал катарында гезит орусиялык ЛУКОЙЛ компаниясы менен «Узбекнефтегаз» улуттук холдинги ортосунда 1 млрд. долларга бааланган узак мөөнөттүк жаңы долбоордун ишке киришээрин айтат.

Анткен менен «Коммерсант» басылмасында жарыяланган макала бул окуядагы жылуулукту такыр эле жокко чыгарып салгандай болду. Көрсө ЛУКОЙЛдун президенти Вагит Алекперов бул келишим тууралуу Ташкенде пресс-конференция өткөрөм деп камынып барган экен. «Өзбекстандык президенттин коопсуздук кызматынын өкүлдөрү ага бул мүмкүнчүлүктү бергей коюшкандан кийин, бул өлкөнүн экономикасына жасаган ири инвестициясы үчүн орусиялык олигарх зээни кейиди» деп жазат «Коммерсант».

Ташкенде жүргөн учурунда орус президенти Владимир Путин өз өлкөсүндөгү учурдун негизги проблемаларынын бири - ЮКОС мунай компаниясынын көйгөйлөрүн да унутта калтырган жок. «Газета» басылмасы жазганга караганда, Путин «ЮКОСтун банкротко учурашына Орусиянын ырасмий бийлиги да, өкмөт да кызыкдар эмес» деп айткан. Президенттин сөзүнөн кийин эле акыркы эки күн ичинде Орусиянын фондулук биржасында баасы төмөндөп кеткен ЮКОСтун акциялары тездик менен өсө баштады.

«Газета» басылмасы "бул көрүнүш ЮКОСтун ишин рынок саясий иш деп тааный тургандыгын дагы бир жолу тастыктады" деп комментарийледи.
XS
SM
MD
LG