Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

ЧЕТ ЭЛДИК ДАРЫГЕРЛЕРДИН СООПЧУЛУК ИШИ


Бишкектеги педиатрия жана балдар хирургиясы боюнча улуттук борбордо Голландиядан келген дарыгерлер нышан балдарга операция жасашты. Дарылоо иштери Голландиянын AWD фондусунун демөөрчүлүгү менен жүргүзүлдү.

Голландиядан келген пластикалык хирург Ганс Перани үстүнкү ээрини жана таңдайы жок төрөлгөн балдар Кыргызстанда Европага караганда 7 эсеге көп экенин билдирди:

- Биздин Кыргызстанга келишибизди AWD фондусу каржылап турат. Өткөн жылы Ганноверден келген хирург Хаузамен мырзанын өтүнүчү боюнча ушул улуттук борбордо тубаса бет–жаак дарты бар балдарга операция жасап жатабыз. Ушул төрт күн ичинде 18 балага операция жасадык.
Жыл сайын биздин жардамыбыз керек болгон өлкөлөргө барып, кайрымдуулук операцияларды өткөрүп турабыз. Мисалы, өткөн жылы Африкага бардык, нышан балдарга жардамыбызды бердик. Ал жерде бир да пластикалык хирург жок экен. Ал эми операция жасоо ыкмалары туурасында айта кетсем, анда кыргызстандык кесиптештеримдин операцияларды жасоо жолдорунун айырмасы анча деле чоң эмес. Негизги айырмачылык – колдонулган аспаптарда экен.


Кыргызстанда үстүнкү ээрини жана таңдайы нышан балдар барган сайын көбөйүүдө. Атап айтсак, ар бир 600 наристенин бирөөсү бет–жаак дарты менен төрөлөт. Дарттын пайда болушуна бир нече себептер бар. Мисалы, эне спирт ичимдиктерин ичсе, же болбосо, сасык тумоодон тартып кургак учукка чейинки инфекциялык ооруларга чалдыкса - ушундай учурларда бала нышан болуп төрөлүшү мүмкүн. Мындан тышкары, экология да өз таасирин тийгизет. Ал эми нышан болуп жарык дүйнөгө келгендердин 4 пайызга жакынына бул дарт тукумдан тукумга берилет.

Улуттук борбордун бет–жаак хирургия бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Мамыралиевдин айтымында, голландиялык дарыгерлер күнүнө бешке жакын операцияны бекер жасашууда. Ал эми негизи мындай операциялардын орточо баасы 500 доллардан 2000 долларга чейин чыгат:

- Голландиядан келген дарыгерлер менен чогуу операцияларды жасап жатабыз. Келгенден бери 18 балага операция жасадык. Алар таңдайы, ээрини жырык балдар. Мындан тышкары, ар кандай травмаларга учураган, же болбосо беттеринде тырыгы барлар жана катуу күйгүзүп алгандарга операция жасоодобуз. Дарыгерлердин келгени жеке эле балдар үчүн эмес, биз үчүн да өтө пайдалуу болуп турат. Анткени биз операция жасоо ыкмасы боюнча тажрыйба алмашып жатабыз.

Голландиядан келген дарыгерлерге баласын операция жасаткан Кыялзат Төрөкулова мындай ыраазычылыгын билдирди:

- Мен жети жашар Арген деген баламды ушул ооруканага алып келгем. Ал төрөлгөндө эле таңдайы жырык болчу. Операцияны Голландиядан келген хирургдар жасашты. Мен өтө
кубанычтамын. Буйурса, баардыгы жакшы. Баардыгына ыраазычылыгымды билдиргим келет.

XS
SM
MD
LG