Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

КУРГАК УЧУКТУН КОРКУНУЧУ


Миргүл Аманбаева, Бишкек Абактан чыккандар дарыланбай, кургак учукту дени-карды соо адамдарга жугузуда. Анын үстүнө жумушсуздук, элдин социалдык оор абалы да кургак учуктун жайылышына себепкер болууда.

Социалдык проблема катары саналган кургак учук дарты айрыкча абактарда күч. Бул өз кезинде, саламаттыгы сак адамдарга илдеттин жайылышын шарттап келет. Кургак учуктун жайылышына кантип бөгөт коюу керек? Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн капитаны Гүлнара Жолдошбаева бул тууралуу өз пикирин минтип билдирди:

- 2004-жылы биринчи кварталда колониядан бошогон 12 адамды каттоого алдык. Алардын ичинен 2 адам кургак учуктун ачык формасы менен ооруйт. Ошентип, үч айдын ичинде биз 12 гана бейтапты кабыл алдык. "Эмнеге?" дегенде колониялардан бошогон оорулуу жөнүндө бизге кабар өз убагында келбейт. Бошогон адамдар кайсы дарек боюнча, кайсы шаарга, кайсы облуска кетип калганын билбейбиз. Колониялар бизге, биз диспансерге айтып турсак, ар кимибиз өзүбүздүн жумушубузду так аткарсак - мүмкүн бул ооруну жеңебиз десек да болот.

Социалдык оор шарт, жумушсуздук, өз маалында тамактанбагандык -- илдеттин көбөйүшүнүн негизги себептери. Ага жараша кургак учук илдетинен жабыркап ооруканаларга кайрылгандардын да саны өсүп жатат. Бул тууралуу кургак учук диспансеринин бөлүм башчысы Атыргүл Токтоконова мындай деди:

- Өлкө боюнча каттоодо 6 миңден ашык жаңы оорукчандар турат. Мурунку ооругандарды, өнөкөт бейтаптарды кошкондо - баары 7 миңге жакындайт. Бул - инфекциялык оору, аба аркылуу тарайт, дем алуу органдары аркылуу. Шек санаган адам өзүнүн какырыгын жашаган жериндеги мед.пунктка текшерүүгө тапшырса, лабораторияда медициналык кызматкерлер илдетти аныктайт. Түрмөдөн чыккандар соо адамдарга жугузуп атат. Азыр иштебеген кишилер да абдан көп, көчөлөрдө, базарларда отурушат. Өздөрүнүн жанын жакшы карашпай, тамак да ичпей калышып, чаңдын арасында отурат, ошолордун арасынан ооруга чалдыккандар көбүрөөк чыгып атат. Элге айтып кетсем, кургак учуктун эң жаңы белгилери - үч жумадан ашык жөтөл, алсыздык жана тез чарчоо, табиттин, салмактын төмөндөшү, чыйрыгуу, түнкүсүн аябай тердөө, көкүрөктүн оорушу жана кан түкүрүү. Бул белгилер башында көп деле билинбейт. Үч айдан жарым жылга чейин, кеээде бир жылга чейин созулуп кетет. Оору өтө өтүшүп кеткен убакта келип атышат ооруканага.

Республикалык кургак учук диспансеринде дарыланып жаткан бейтапка кайрылганыбызда:

- Мен бул бөлүмдө жатканыма 2 ай болду. Ооруганымды билбей эле үйдө жата бергем. Аябай өтүштүрүп алыптырмын. Бир компаниянын дарылары жакшы экен дегенден ошол жакка барсам, мени терапевт врач карап, билсе дагы жиберген жок окшойт. Анткени алардын дарылары өтүш керекпи, алар киши дарылабай эле, бизнес кылышат экен. Мен үйдө жата берип аябай алсырап калыптырмын. Эми кургак учук институтуна келип дарыланып атам.

Дагы бир бейтап кургак учукту абактан жуктуруп алганын айтты:

- Бул ооруну мен өзүм түрмөдө иштеп жүрүп жугузуп алдым. Ал жакта кесилип кеткен кишилердин арасында оорулуулар бар. Кургак учуктун белгилерин байкап, дарыланып жатам азыр.
XS
SM
MD
LG