Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

Америкалык джаз квартети концерт берди


КАРАКОЛ. Касымалы Жантөшев атындагы Ысыккөл музыкалык драма театрында Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн демилгеси менен Келли Джонсон айымдын джаз квартетинин концерти аншлаг менен өттү. Бир катар эл аралык кароо- сынактардын жеңүүчүсү, "Музыка бул - керемет күч" деп аталган альбомдун автору катары таанылган Келли Джонсондун аткаруусундагы чыгармаларга угармандар жылуу пикирлерин билдиришти. Ырчынын айтымында, ал көбүнчө лирикалык маанайдагы ырларды аткарат. "Себеби, - дейт ал, - америкалык композиторлордун 80 пайызы сүйүү темасына кайрылышат".

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG