Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Дыйкандар кайрылуу жолдошту


ЖАЛАЛАБАД. Базаркоргон районунан 250 дыйкан президентке, Жогорку Кеңешке жана облус бийлигине кайрылуу жолдоду. Анда 5 талап коюлган. Анда жаздан берки мээнети ай башындагы мөндүр аралаш нөшөрдөн жокко чыкканы айтылат. Дыйкандар жогорку бийлик өкүлдөрүнөн үрөн, күйүүчү май менен камсыз кылууну, салык жана башка төлөмдөрдөн бошотууну, кеткен чыгымдарды төлөп берүүнү өтүнүшкөн.

Облустук бийлик 6-июндагы жамгырдан дыйкандар 38 млн. сом зыян тартышканын билдирип, 21 тонна жүгөрүнүн үрөнү жана 150 тонна күйүүчү май келээрин, андан сырткары социалдык фонд, суу, жер акысын азайтуу маселеси өкмөткө коюлганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG