БИШКЕК. Бүгүн өкмөт үйүндө жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп, анда дан эгиндерин оруп-жыйноо маселеси талкууланды. Жыйында айтылган маалыматка караганда, оруп жыйуу иштерин жүргүзүүгө даярдык начар. Маселен, эгин жыйноочу комбайндардын 66% гана ишке даяр. Ал эми талап кылынган күйүүчү жана майлоочу майдын 42% топтолгон. Жыйынга төрагалык кылган өкмөт башчы күйүүчү жана майлоочу майларга муктаждыктарды канаттандырууга тийиштүү жетекчилерди милдеттендирди.