Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

ЕврАзЭСте Акаев Камбарата ГЭСинин курулушу тууралуу сөз кылды


БИШКЕК. ЕврАзия экономикалык шериктештигинин мамлекеттер аралык кеңешинин мамлекет башчылар деңгээлиндеги Астана жолугушуусунда 18 документ кабыл алынды. Бул тууралуу ишембиде президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев билдирди. Анын айтымында, отурумда Аскар Акаев Кыргызстандын кызыкчылыгындагы эки маселени көтөрдү. Алардын бири – ЕврАзЭС алкагында агрардык интеграцияны күчөтүү жана экинчиси Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтеринин курулушуна байланыштуу биргелешкен долбоорду ишке ашыруу маселеси болду. Буга чейин Россия менен Казакстан бул эки ГЭСтин курулушуна көмөк көрсөтүүнү убада кылган.

Акаевдин айтымында, бул курулуш ишке ашса, Ооганстанга электр энергия экспорттоо жана Россияга берилип жаткан энергиянын көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

XS
SM
MD
LG