Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Президенттер жолугушту


БИШКЕК. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Кантта жайгашкан аскерий аба базасынын келечеги кең жана анын ролу региондогу мамлекеттердин коопсуздугу үчүн маанилүү. Мындай пикирин Россиянын президенти Владимир Путин Ташкенде президент Аскар Акаев менен жолугушуу учурунда билдирди. Бул тууралуу ишемби күнү «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев билдирди. Анын айтымында, президенттер Ташкенде өткөн эки тараптуу жолугушуунун эртеси Казакстандын Астана шаарында да көзмө-көз жолугушту. Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Россиянын экономикалык, саясий, коопсуздук кызматташтыгынын бардык өңүттөрүн талкуулашып, бир пикирге келишти.

XS
SM
MD
LG