Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:02

Акыйкатчы Т.Бакир уулу Ф.Куловду бошотуу сунушу менен бийликке кайрылды


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын абактагы лидери Феликс Куловду боштондукка чыгарууну сунуштаган кат менен өлкөнүн акыйкатчысы юстиция министрлигине кайрылды. Бул тууралуу ишемби күнү акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу билдирди. Анын айтымында, акыйкатчынын жүргүзгөн эсеби боюнча Феликс Куловду мөөнөтүнөн мурда шартуу түрдө боштондукка чыгарууга мезгил келип жетти.
Юстиция министрлигинен болсо бул маселе боюнча дүйшөмбү күнү жооп болоорун билдирди.

«Арнамыс» партиясынын лидери 2000-жылдын март айында камакка алынган. 2001-жылдын декабрь айында Биринчи май райондук соту тарабынан 10 жылга эркинен ажыратылган. Тартип коргоо органдары тарабынан ага кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген күнөө коюлган эле. Бирок адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдар Феликс Кулов саясий себептерге байланыштуу камалганын билдирип келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG