Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

ДЕПУТАТТАР СӨЗ ЭРКИНДИГИНЕ КАРШЫБЫ?


Кыргызстандын Кылмыш кодексинде маалымдоо каражатында жеке адамдын керт башын кемсинтип, ушак тараткандыгы үчүн макала авторун 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Маалымдоо каражаттарына сот тарабынан миллиондогон сомдук айыппул салуу көнүмүшкө айланып баратат. Өткөн жылы түзүлгөн Медиакеңештин демилгеси менен сөз эркиндигин коргоо максатында мыйзам долбоору даярдалып, парламентке сунушталган. Депутаттардын басымдуу көпчүлүгү каршы чыгып, долбоор өтпөй калды.

Эки жылдан бери маалымдоо каражаттарында байма-бай айтылып келаткан жаңы мыйзам долбоору Кылмыш кодексине жана мамлекеттик төлөм тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү максатында иштелип чыккан. Непадам, ал депутаттар арасында колдоо тапса мындан ары маалымдоо каражатын сотко берген доо арызчы талап кылган айыппул акчанын 5% мамлекеттик төлөм катары төлөшкө мажбур болмок. Мыйзам авторлорунун ырасташынча, бул кийинки кездери миллиондогон сом өндүрүп берүү талабы менен сотко арыз жолдоочулардын тизгинин бираз тартмак. Жалаң миллиондорду гана оозанып калган доо арызчылардын ойлонтмок.

Экинчи өзгөртүү ушак тараткандыгы үчүн деп журналистти үч жылга чейин эркинен ажыратууга негиз берген Кылмыш кодексиндеги 127-беренеге тиешелүү. Эгер жаңы мыйзам долбоору кабыл алынса журналистти эркинен ажыратуу жазасы айыппул төлөтүүгө алмаштырылмак. Айрым журналисттер азыркы экономикалык кыйын шартта миллиондогон айыппул деле опсуз оор жаза деп эсептешет.

Маалымдоо каражатын сот аркылуу чоң айыппулга жыгып алуу анчалык деле кыйын иш эмес экенин «Асаба», «Аалам», «Моя столица», «Кыргыз ордо» гезиттеринин тагдырынан деле байкаса болот. Ушу тапта «Кыргыз руху», «Учкун» гезиттери сот алдында жооп берип жүрүшөт. Доо арыздагы миллиондогон сомдордун сүрү журналисттердин үшүн аябай алып койгон белем, жазарман журту ушу тапта ашкере сак, этият болуп алды. Андан да Кыргызстандын эларалык кадыр-баркын түшүргөн бул осол көрүнүштү жок кылууга президенттин да шаасы жетпей отуру.

Белгилүү журналист Кенжаалы Сарымсаковдун ырасташынча, бул демократиялык салттын жаңыдан өнүгүп келаткан учуруна мүнөздүү жагдай:

- Журналистиканын көздөгөн максаты, коомдун алдына койгон тилеги, ошонун ичинде башкы жетекчинин көздөгөн максаты – элдин, журттун, коомдун ички жетилүүсү. Ар нерсенин терең түшүнүгү бар. Эгерде биз ушактап койду, тигинтип койду, минтип койду деп сотко бере баштасак, коомдо ыр-чыр көбөйөт, удургу башталат. Биз ммалекеттик чиновниктердин этикасы деп атабыз. Эгерде мамлекеттик чиновник этиканы сактаса, маданиятты сактаса, ар биринде тереңдик болсо, коом жетилген болсо, журналисттер да өзүнүн кылар кызматын, коомдо, эл-журт алдында аткарып аткан иши тууралуу терең түшүнүгү болсо, ал түшүнүк калыптанса, анда мына бул маселенин өзү жок болмок.

Жогорку Кеңеш депутаттары ушуну менен үчүнчү ирет четке каккан мыйзам долбоору кабыл алынганда, албетте, сөз эркиндигинин өнүгүшүнө кадыресе шарт түзмөк. Бирок да соттордун өз алдынчалыгы бүдөмүк калып, аларга элдин ишеничи жок болуп аткан чакта жаңы мыйзам долбоорунун жагдайды жакшы жагына кескин өзгөртүп ийиши деле күмөн.

Журналист Азимжан Ибраимовдун айтымында, коомдук талаш-тартыш маалымдоо каражатында чагылдырылышы керек. Анда тараптардын пикири толук угулуп турганы жакшы:

- Президент демилге көтөрүп алып чыккан идеяны колдоп койсок, андан коом гана утуш алмак. Баарын бетке айтып, сындап туруу зарыл. Маалымат каражаттарында чагылдырылган пикирлер биздин өлкөнүн өсүшүнө таасир тийгизет. Мамлекеттин кадр саясатына, коррупцияга каршы пикир айта алсак, ал биздин өзүбүз жашап аткан коомго көрсөткөн жардамыбыз болот.

Жаңы мыйзам долбоору парламенттен колдоо тапкан жок. Анын өтпөй калганына журналисттердин гана ичи ачышты окшойт.
XS
SM
MD
LG