Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Пол Жонсонду өлтүргөн террорчуларды дүйнөлүк лидерлер да кескин айыпташууда


Франциянын президенти Жак Ширак бул айбанчылыктан үшү катуу үрккөнүн айтып, муну адам баласына мүнөздүү келген сөздөр менен туюнтканга болбогон жырткычтык деп баалады. Британ премьери Тони Блэрдин айтымында да баш кесерлерди адам деп атаганга болбойт. Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер, Австралиянын премьери Жон Ховард да ушундай маанидеги сөздөрүн айтышты. Террорчулардын мыкаачылыгын Сауд Арапстан өкмөтү, ООНдун баш катчысы Кофи Аннан да катуу айыпташкан эле.
Америкалык инженер Пол Жонсон Сауд Арапстанда контракт боюнча иштеп жүргөн.

XS
SM
MD
LG