Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

«Кыргызстандын курорттору жаңы миң жылдыкта»


БИШКЕК. 24-июнда Чолпонатада «Кыргызстандын курорттору жаңы миң жылдыкта» аттуу эки күндүк эл аралык симпозиум ишин баштайт. Бул тууралуу бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Елена Баялинова билдирди. Анын айтымында, бул симпозиумга Азия жана Чыгыш Европа аймагынан 9 өлкөдөн өкүлдөр катышат. Алардын катарында Россия, Түркия, Казакстан, Өзбекстан бар.

Эл аралык симпозиумду министрлик менен бирге илим, интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик, ден соолукту илимий-изилдөө жана чыңдоо курортологиялык институту биргелешип уюштурууда. Статистикалык маалыматка караганда, Кыргызстанда ден соолукту калыбына келтирүүчү жана чыңдоочу 183 мекеме бар. Минералдык суу чыгуучу булактардын саны 100, дарылоочу баткак чыккан 15 жай бар.

XS
SM
MD
LG