Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:19

Күйүүчү-майлоочу майлар тартыш боло баштады


БИШКЕК. Кыргызстандын айрым аймактарында күйүүчү-майлоочу майга баа кымбаттай баштады. Маселен, Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын дыйкандары майдын баасы акыркы бир апта ичинде 11 сомдон 17 сомго чейин көтөрүлгөндүгүн белгилеп жатышат. Ал эми жазгы талаачылык иштери боюнча өкмөт башчы Николай Танаев жетектеген республикалык штаб кечээ кезектеги отурумуна чогулуп, 10 миң тонна күйүүчү майды резервге алуу чечимин чыгарды. Айыл жана суу чарба министринин орун басары Абдималик Анарбаевдин билдиргенине караганда, азыр оруп-жыюу үчүн топтолгон майдын өлчөмү 40 пайызды гана түзөт.

XS
SM
MD
LG