Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

Качкындар күнүнө карата иш чаралар өттү


БИШКЕК. Бүгүн - качкындардын дүйнөлүк күнү. Бул күнү Улуттар Уюмунун качкындардын иштери боюнча Жогорку Комиссарлыгынын колдоосу менен качкындар жыш отурукташкан Чүй облусунун Ивановка айылында маданий-спорттук иш чара уюштурулду. Тышкы иштер министрлигине караштуу миграция иштери боюнча департаменттин маалыматына караганда, Кыргызстанда каттоодо турган качкындардын саны 7805, алардын 752си Ооганстандан, алтоо Ирандан ооп келгендер. Качкындардын басымдуу бөлүгү - Тажикстандыктар. Кыргызстандагы качкындардын 70 пайыздан ашыгы Чүй облусунда жашайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG