Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

САУД АРАБИЯСЫ: “АЛ-КАИДАЧЫЛАРГА” АЁОСУЗ СОККУ УРУЛДУ


Саудиянын бийликтери падышалыкта иштеген чет элдик адистердин жүрөгүнүн үшүн алып, бир нече айдан бери өлкөнү да коогага салып жаткан террорчу топту чоң жоготууга учуратты. Жума күнү түн ичинде өткөрүлгөн операция кезинде өзүн “Арабия жарым аралындагы “ал-Каида”” деп атаган топтун башчысы жана үч согушчаны жок кылынды. Согушчан деп шектелген 12 адам кармалды. “Ал-Каиданын” жергиликтүү кол башчысынын өлтүрүлүшүн тактынын мурсакери, ханзада Абдулланын кеңешчиси Абдул ал-Жубейр топко урулган “орду толгус сокку” деп атады.

Сауд Арабиясынын коопсуздук күчтөрү жума күнү өткөргөн операция инженер-аэронавт Пол Жонсонду өлтүрүүгө жооп болду. Андан бир аз алдың падышалык бийлик “Арабия жарым аралындагы “ал-Каида”” тобунун анын абактагы бардык мүчөлөрүнө эркиндик берилсин, болбосо П.Жонсон өлтүрүлөт деген талабын четке каккан эле.

Согушчандар саудиялык абройлуу диниятчынын Меккенин Харам мечитиндеги жума намазда жасаган кайрылуусуна жана Америкалык адистин аялынын өтүнүчүнө карабай, Жонсондун башын алышты. Жонсондун аялынын террорчу уюмга жасаган телекайрылуусу бүтүндөй араб дүйнөсүнө көрсөтүлдү.

Падыша тактынын мурскери, өлкөнү иш жүзүндө башкарып жаткан ханзада Абдулла бин Абдулазиздин эл аралык саясат боюнча кеңешчиси Абдел ал-Жубейр ырасмий Эр-Рияддын чечкиндүү аракети “ал-Каиданын” мүмкүнчүлүгүн чектеп койгонун, террорчуларга каршы күрөш токтотулбасын билдирди:

- Биз падышалыктагы бу балакеттүү топтун мүчөлөрү же анын колдоочулары болушу ыктымал адамдардын акыркысы жок кылынмайынча, аларды издеп кармоону уланта беребиз.

Саудиялык “ал-Каидачылар” өз колбашчысы Абдулазиз ал-Мукриндин жана үч куралдашынын өлтүрүлгөнүн тастыкташты.

“Күжүрмөн командир Абулазиз бин Исса Мукрин жума күнү Эр-Рияддын Малаз районунда зулумдун жоокерлеринин буктурмасына кабылып, шейит кетти. Мужахеддиндер Аллага убада кылган жихадды токтотушпайт”,- деп айтылат террорчу уюмдун интернеттеги веб-сайтында.

Падышалыктын Вашингтондогу элчиси Абдулазиз ал-Мукрин жетектеген топту бир катар кандуу булоондор үчүн жооптуу деп айыптады.
Ал-Мукрин менен кошо “шейит өлгөн” үч согушчан да Саудия бийликтеринин издөөсүндөгү 26 адамдын тизмесинде болчу. Алсак, Файсал ал-Дахил, Саудиянын ички иштер министринин маалымдашынча, өлкөнүн Улуттук гвардиясын машыктырууга жардамдашып жүргөн америкалык Роберт Жакобсду өлтүргөн.

Түрки ал-Мутайри болсо өткөн айда ал-Хубар шаарчасында болгон кызыл кыргындын катышуучусу. Ал-Хубардагы калабада 22 адамдын өмүрү кыйылган.
Төртүнчү согушчан Ибрагим ал-Драхем былтыр ноябрда Эр-Рияддагы чет элдик адистер жашаган шаарчадагы 52 адамдын өмүрүн алган бомба чабуулуна катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Ырасмий билдирүүгө караганда, жума күнкү операция маалында үч автомобиль, каруу-жарактар менен жардыргыч заттар, 38 миң долларга жакын акча кармалды. Ал автомобилдердин бири 6-июнда Би-би-синин кабарчыларына кол салуу үчүн пайдаланылган экен. 6–июндагы чабуулда ирландиялык телеоператор өлүп, Улуу Британия журналисти оор жарадар болгон.

Кошмо Штаттардын Эр-Рияддагы элчиси Жеймс Оберветтер Саудия өкмөтүнүн аракетине жогорку баасын берип, мунайга бай падышалыкта кырдаал опурталдуу экенин эскертти:


- Саудия бийликтеринин издөөдөгү адамдардын тизмесиндеги “ал-Каиданын” Арабия жарым аралындагы бир нече өтө коркунучтуу мүчөсүн жок кылганы үчүн мен алкыш айтам. Бул террорчулар жасаган акылга сыйбас кыянаттыктар аларды күчкө таянып гана ийге салса болоорун адамзатка эскертип турат.

Британиянын премьер-министри Тони Блэрдин сөзүнчө, ал “ал-Каида” сыяктуу топторду жок кылууну союздаштардын башкы максаты деп эсептейт:


- Мындай ишти жасаган адам биз сүйлөшчү адамдардан эмес. Аларды жок кылуу гана керек. Ошондон улам, Америка баштаган союздаштарыбыз көздөгөн максатыбыз - аларды талкалоо.

XS
SM
MD
LG