Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

БАТКЕНДЕГИ ИЧ КЕЛТЕ ООРУСУНУН КОРКУНУЧУ


Шайырбек Эркин уулу, Баткен Акыркы күндөрдө Баткен облусунда ич келте илдетине чалдыккан адамдардын саны күн санап көбөйүп, анын жайылып кетүү коркунучу туулууда. Ич келте Баткен районундагы Кызылбел айылынан өткөн жуманын орто ченинде чыгып, тездик менен жайылып кеткен. Облустук санитардык көзөмөл борборунун маалыматына таянсак, соңку алты күндүн ичинде эле аталган айылдын 50 чакты тургуну мындай ооруга кабылганы шектелип, алардын жыйырмасы ич келтеге чалдыкканы аныкталды.

Оорунун чыгышына таза суунун таңсыктыгы негизги себеп болгону айтылууда. Облус борборунан жети чакырымдай ылдыйда, Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен жеринде жайгашкан беш миң чамалуу калкы бар Кызылбел айылынын эли бир канча жылдан бери таза суу көйгөйүн тартып келишет. Мындан 30 жыл мурда курулган суу түтүктөрү көп жеринен тешилип, айыл калкын таза суу менен толук камсыз кыла албай калды. Ал аз келгенсип кээде жумалап, айлап суу чыкпай калган учурлар да болот. Ушул себептен кызылбелдиктер көпчүлүк учурда Төртгүл суу сактагычынан бир канча айылдарды аралап агып келген булганыч суудан ичүүгө аргасыз. Бул тууралуу аталган айыл тургундарынын пикирин уксак:

- Кызылбел боюнча каналды эч ким карабайт. Каналдан эл жаман суу ичет. Кран жок, трубалар жарылган. Лотокторго ит өлөбү, башка өлөбү тыгылып калат экен. Ошонун себебинен ич келте чыгып, кесел көбөйүп атат.

Кызылбелдик дагы бир тургундун пикири:

-Биздин айылда ич келте эпидемиясы күчөп атат. Мунун себеби суудан деп ойлойбуз. Таза суу жок. Ал аз келгенсип биздин айылда эки подстанцияны РЭС өчүрүп салышкан. Элдин кайнак суу ичкенге мүмкүнчүлүгү жок. Оору чыккан мезгилде гана доктурлар жүгүрүп барып карап калышат. Буга бийликтегилер көңүл бурушпайт.

Дагы бир ой:

- Таза суу келмейинче бул оорудан айыкпайбыз, кайталана берет - дешет Баткендин Кызылбел айылынын айрым жашоочулары.

Оорунун чыгуусуна эмне себеп болгону азырынча так аныктала элек. Бирок анын таза суу таңсыктыгынан чыкканы божомолдонууда. Бул жөнүндө облустун башкы санитардык дарыгери Жалалидин Рахматуллаев мындай дейт:

- Азыр иликтеп, изилдеп жатабыз Кызылбел айылындагы оорунун биринчи чыгышына эмне себеп болгонун. Биринчиден, оору чыккан мезгилде айылга эки жума суу келген эмес. Айылдын ылдый жагы суу түтүгү менен камсыздалган, жогорку аймагында водопровод суусу жок. Эл айрым кезде арыктагы суудан пайдаланышкан. Арыктагы сууну кайнатпай ичип атышат, идишин ошол суу менен жууйт. Эпидемиологиялык кырдаалды басыш үчүн биз бүт медицина кызматкерлерин мобилизацияладык. Ич келте оорусу өтө тез жугат санитардык эрежелер сакталбаган кезде. Ошондуктан мунун коркунучу бар. Алдын алуу үчүн эртең менен саат сегиз жарымдан кечки саат төрт жарымга чейин үймө-үй иш жүрүп атат.

Баткен районунда акыркы үч жылдан бери ич келте илдети токтобой келет. Мурдагы жылы мындай жугуштуу илдетке 98, өткөн күздө 91, ал эми быйылкы жылдын өткөн беш айында 21 адам кабылган. Адистердин пикирине караганда, оорунун көп чыгуусуна аймакта таза суунун таңсыктыгы жана санитардык эрежелердин так сакталбаганы себеп болууда.

Элди таза суу менен камсыздоо бул аймактагы эң курч маселелердин бири бойдон калууда. Айыл жерлерин айтпаганда да облус борборунун калкын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси ушул күнгө дейре чечилбей келет. Демек, таза суу маселеси чечилмейин ич келте сыяктуу жугуштуу илдеттерден арылуу кыйын.

- Ич келте ичекарын ооруларына кирет. Биринчи алдын алуучу негизги иш чаралары бул калкты таза суу менен камсыздоо. Ылай, булганган суу менен идиш-аякты жууганда, ошол идиштерде микробдор сакталып калат. Бул негизги себеп. Андан сырткары, Кызылбел айылы географиялык жактан эпидемологиялык опуртал жерде жайгашкан экен. Анын үстүнө Тажикстандын кошуна Исфара районунда дагы ушундай кырдаал. Анча-мынча барышып, мамиле кылышып атат. Былтыр ушул ичкелтенин чыгып кетишине Ляккан айылынан суу ичишкени себеп болду. Кудай буюрса, Караколдун таза суусу Баткенге келгенде бир эле ичкелте оорусун эмес, башка ичекарын ооруларын да төмөндөткөнгө болот эле, - дейт облустун башкы санитардык дарыгери Жалалидин Рахматуллаев.
XS
SM
MD
LG