20-июнь - Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнү. Улуттар уюму билдиргенге караганда, дүйнө жүзүндө 17 миллионго чукул качкын бар. Былтыр 1 миллиондой адам өз ата-журтуна кайтты. Соңку эки жылда 3 миллиондой адам Ооганстанга туулган жерине барды. Босния менен Ирактын да жашоочулары үйүнө кайтууда. Эл аралык байкоочулардын баамында, миңдеген адамдар ачка калуу коркунучу бар Судандын батыш аймактарында акыбал оор бойдон калууда.