Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

Израил депутаттарга ок жаадырды


Израилдин тик учмалары Газа тилкесин үч жолу аткылады. Палестин өкмөтү билдиргенге караганда, жарадарлар бар. Израил куралдуу күчтөрү “Хамас” согушчан тобу үчүн жардыргыч заттарды чыгарып берип келген чакан ишкана бутага алынганын билдирди. Ошондой эле бүгүн Британ парламентинин Газа тилкесине барган депутаттарына Израилдин куралдуу күчтөрү ок жаадырган. Үч депутат Улуттар уюмунун байкоочулары менен Рафахтагы качкындар лагерин көргөнү барышкан. Израил аскерий бийлиги депутаттар барары жөнүндө алдын ала айтылган эмес деп чыкты. Учурда аскердик комиссия бул окуя боюнча иликтөө баштады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG