Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

БИР ЖЫЛДЫК МЕЗГИЛДИ КАРЫТКАН «ЮКОС ИШИ»


Төрөкул Дооров, Москва 19-июнда Орусиядагы экинчи ири мунай компаниясы ЮКОСтун айланасындагы чатактын башталганына бир жыл болду. Өлкөдө капиталдаштыруу жаатында эң ийгиликтүү иштеп келаткан компания арадан бир жыл өткөндөн кийин банкротко учурашы мүмкүн. Ал эми анын кожоюну, орус жергесиндеги эң бай адам Михаил Ходорковский камакта. 21-июнь күнү ЮКОС компаниясына жана анын мурдагы кожоюну Михаил Ходорковскийге тагылып жаткан айыптар боюнча иштер каралмакчы.

Орусиянын президенти Владимир Путин бейшембиде Ташкенде болгон Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде «Орусиянын ырасмий бийлиги жана өкмөт ЮКОС мунай компаниясынын банкротко учурашына кызыкдар эмес» деди. «Орус президентинин сөзү «"маанайы чөгүп" бараткан орус фондулук биржасынын "көңүлүн ачып жибергендей" болду» дешет орусиялык байкоочулар. Анткени ошол эле замат ЮКОСтун жана орусиялык мунай жаатында иштеген ири компанияларга таандык акциялардын баасы тездик менен өсө баштады. «Чынында эле бул көрүнүш ЮКОСтун иши экономикалык кылмыш эмес, саясий иш экендигине далил» дешет дагы бирөөлөр.

Кантсе да, азыркыга чейин чуулдап келаткан ЮКОС проблемасы бир жылдык мезгилди карытып, эми компанияны банкроттук абалга жакындатып койду. Орусиянын салык министрлиги «компания 2000-жылы 3,5 млрд. долларга жакын салыкты төлөбөй койгондугу үчүн» айыптап, сотко берген. Москванын Арбитраждык соту министрликтин арызын туура деп таап, компанияны салыкты төлөп берүүгө милдеттендирди. Ошол эле учурда ЮКОС бул суммадагы акчаны төлөй албай тургандыгын билдирип, өз ишин токтотушу мүмкүн экендигин жарыя кылды.

Айрым орусиялык саясатчылар жана ЮКОСтун жетекчилиги компанияга улам жасалып жаткан чабуулду эми Кремлдегилер менен макулдашып, чечүү ниетинде бир канча ирет өкмөткө да, президенттин администрациясына да кайрылган.

Александр Шадрин - ЮКОСтун басма сөз катчысы түзүлгөн кырдаалга карата мындай дейт:

- Учурда абалдан чыгуунун бир гана жолу бар деп ойлойт компаниянын жетекчилиги. Ага ылайык, ЮКОСтун негизги акционерлери абалдан чыгуу үчүн өздөрүнүн жеке салымдарын кошушу керек. Бирок бул кандай салым болоору азырынча белгисиз.

Негизи, өлкөнүн салык министрлиги 3,5 млрд. долларга жакын айып менен эле тынчып калган жок. Ал Арбитраждык сотко компания дагы 400 миң рубль төлөп беришин талап кылган арыз менен кайрылды. Министрликтин бул талабын сот 21-июнда карамакчы. Азырынча сот бул талапты да ЮКОСко жүктөйт деп айтуу кыйын, анткени Владимир Путин 17-июнда «орус бийлиги ЮКОСтун банкротко учурашына кызыкдар эместигин» айткан.

Президенттин бул сөзү орус фондулук биржасы үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин байкоо кыйынга деле турбады. Андыктан, Арбитраждык соттун чечими да ар кандай болушу ыктымал.

Айрым эларалык байкоочулардын айтымында, Путиндин сөзү «Кремль ЮКОС менен күрөштү жеңди дегенди билдирет». Ал эми дагы бирөөлөрдүн ою боюнча, эч нерсеге көнбөгөн Ходорковский менен эми Путин күрөшүүгө даяр экендигин билдирип жатат.

- Кандай болгон күндө да ЮКОС өзүн-өзү сактап калууда жасаган аракеттеринен майнап чыкпады. Анткени ал так системанын чегинде жүргөн жок. Бул жалпысынан ири компания менен бийлик ортосунда тил табышуу болгон жок дегенди түшүдүрөт,- дейт орус фондулук биржасы боюнча эксперт Дмитрий Ростовский.

XS
SM
MD
LG