Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

ЕККУ Таласта экология маселесине арналган семинар баштады


ТАЛАС. Семинарда Чүй жана Талас облустарынын аткаруу бийлик өкүлдөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине, прокуратура жана сот кызматкерлерине, айлана-чөйрөнү коргоо мекемелери менен өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнө Орхос конференциясынын маани-маңызы түшүндүрүлүп, анын талаптары Кыргызстанда кандайча сакталып жаткандыгы жөнүндө маалыматтар берилди.
1998-жылы июнда Даниянын Орхос шаарында кабыл алынган бул конвенцияга Кыргызстан 2001-жылы январда кошулган жана ага ылайык айлана-чөйрөнү коргоого байланыштуу иш чаралар аткарылып келүүдө. Семинардын катышуучуларына Орхос конвенциясынын талаптары Казакстан менен Тажикстанда жана эл аралык деңгээлде кандайча аткарылып жаткандыгы жөнүндө Гагадагы эл аралык соттун судьясы Ежи Эндроска жана казакстандык, тажикстандык экологдор айтып беришти.

XS
SM
MD
LG