Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Нарын облусунда туризмди өнүктүрүү аракети жакшы эмес


НАРЫН. Мындай пикирди АКШнын Түндүк Дакота университетинин профессору Ричард Шейфер 21-июнда Нарын мамлекеттик университетинде массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди. Тоолуу регионго иш сапар менен келген профессор туризм тармагынын облустагы келечеги кең экендигин баса белгилеп, бирок туризмди өнүктүрүү боюнча маалыматтын өтө аз экендигин, интернетте Нарын тууралуу маалымат жокко эсе экендигин билдирди.

Туризмди өнүктүрүү боюнча дүйнөнүн 25 өлкөсүндө иш сапарда болгондугун айткан профессор Ричард Шейфердин айтымында, экономикалык кыйынчылыкты жоюунун бирден бир жолу - биргелешип иштөө жана туризм.

Нарын облусуна 2002-жылы 36 өлкөдөн 2104 турист келсе, өткөн жылы 39 өлкөдөн 1916 гана турист келген.

XS
SM
MD
LG