Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Кыргызстандын эки атуулу АКШнын аскерий академиясында окуйт


БИШКЕК. Кыргыз граждандары Кайрат Касымалиев жана Элдар Супатаев АКШнын атактуу Вест-Пойнт аскерий академиясында окууга укук алды. Буга байланыштуу бүгүн Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилигинде өткөн иш чарада элчиликтин өкүлү Дональд Лу кыргыз атуулдарын мындай ийгиликтери менен куттуктап, академиядан келген чакырык катты тапшырды. Аземге Кыргызстандын коргоо министрлигинин, АКШ элчилигинин өкүлдөрү, жаш курсанттардын туугандары катышты. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын элчилигинен бүгүн маалымдашты.

XS
SM
MD
LG