Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

Күйүүчү май кымбаттоодо


БИШКЕК. Ушул жылдын июль айынан тарта Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы өсөт. Бул тууралуу «Альянс» мунай компаниясынын башкы менеджери Өмүрбек Бабанов «МСН» гезитине берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, жыл башында бир тоннасы 200 доллар турган бензиндин баасы азыр 285 долларга чыкты. Андан тышкары Казактан Кыргызстан үчүн темир жол тарифин 3-5 эсеге жогорулаткандыктан, ал - бензиндин баасына олуттуу таасир тийгизээрин кабарлады. Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин Казакстанга өткөн жылдын декабрь айында жасаган расмий визити учурунда «Эл аралык автомобилдик каттам» жөнүндөгү келишимге кол коюлуп, анын алкагында кыргызстандыктар Казакстандын темир жолу аркылуу каттаганда бул өлкөнүн ички тарифи колдонулаары жана ал мурдагыга салыштырмалуу 4 эсеге арзан болору айтылган.

Ал эми Тышкы иштер министринин орун басары Эркин Мамкулов Казакстан менен Кыргызстан ортосунда темир жол боюнча атайын макулдашуу жок экендигин жана азыр андай макулдашуунун долбоору даярдалып жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG