Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:04

УЛУТЧУЛДУК ПРОБЛЕМАСЫН ИЗИЛДЕГЕН ОКУМУШТУУНУ АТЫП КЕТИШТИ


Төрөкул Дооров, Москва 19-июнь күнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында расизм жана улутчулдук проблемалары боюнча алдыңкы окумуштуулардын бири Николай Гиренкону белгисиз адамдар атып кетишти. «Анын өлүмү Орусияда неофашизм менен ксенофобия улам күчөп жатат дегенди түшүндүрөт» деп ойлошот жергиликтүү укук коргоочулар.

Окумуштуу Николай Гиренко өткөн ишембиде өзүнүн үйүндө өлтүрүлгөндөн кийин эле иликтөө иштери башталган. Санкт-Петербург шаарынын Петроград райондук прокуратурасы бул боюнча кылмыш ишин козгоду. Бирок азырынча тергөөчүлөр Гиренкону ким өлтүргөндүгү тууралуу болжолдуу жоопторду да айтыша элек.

Николай Гиренко – Улуу Петр атындагы антропология жана этнография институтунда иштечү. Илимий чөйрөдө анын ысымы улуттар аралык мамилелер боюнча өлкөдөгү эң алдыңкы окумуштуулардын бири катарында таанымал.

64 жаштагы окумуштуу акыркы 20 жылдык өмүрүн расизм менен улутчулдук проблемаларын изилдөөгө арнады. Акыркы эки жыл бою Гривенко жүргүзгөн илимий изилдөөлөрдүн айынан бир канчалаган адамдар сот алдында жоопкерчиликке тартылышкан. Ушундан уламбы, окумуштуунун жакын адамдары «ал өзү иликтеген проблеманын курмандыгына чалынды» деп эсептешет.

Алексей Козлов - нацизм боюнча орусиялык изилдөөчү. Анын пикиринде, акыркы мезгилдерде Орусиядагы жаштардын арасында улутчулдук маанайдын өсүшүнө өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун да жыйынтыгы өзгөчө таасир калтырды.

- Парламентке өтүшкөн партиялардын арасында улутчул көз карашты жактагандар аз эмес. Анын үстүнө акыркы эки жылдан бери улутчулдар башка элдердин өкүлдөрүнө эле эмес, укук коргоочуларга жана антифашисттик активистерге да кол сала башташты. Буга каршы күрөш ырасмий бийлик тарабынан колдоого алынышы керек.

«Орусия орустар үчүн!» деген ураанды көтөрүп чыгышкан айтылуу скинхеддердин саны бүгүн өлкөдө 50 миңден ашат», деп кабарлайт Москвадагы адам укуктары боюнча бюро. Алар жылына улуту башка 20-30 миңдин тегерегиндеги адамдарды түрдүү азапка салып келишет.

Улутчулдарга же скинхеддерге карата жергиликтүү орус элинин да мамилеси бир жактуу эмес. Акыркы изилдөөлөргө ылайык, калктын көпчүлүгү аларды колдошот жана «Орусияны башка улуттагылардан тазалоо керек» деп эсептешет. Анткен менен биз Москванын көчөлөрүндө баарлашкан адамдардын арасында бул өңдүү ойлор көп айтылган жок.

Москвалык Марина айым:

- Менимче, бул жөн гана башкалардын ийгилигин көрө албастык болуш керек дейт. Кызганыч биздин элге мүнөздүү сезим, анткени орустар жалаң эле азербайжандыктарды же тажиктерди эмес, еврейлерди да, америкалыктарды да жек көрүшөт. Анткени аларда баары жакшы.

Ал эми айрымдар улутчулдар боюнча көз карашын айтуудан баш тартышты:

- Мен улутчулдарга эч кандай мамиледе эмесмин. Ысык-суугу жок.

Дагы бирөө азыр Орусиядагы шаарларда курулуш фирмаларында иштегендерди жана көчөлөрдү тазалап жүргөн ортоазиялыктарды урматтоо керек деп эсептешет.

Скинхеддер менен неофашистердин Орусияда саясий партиялары да бар. 90-жылдардын баш чендеринде улутчул маанайдагы позициясын ачык жарыялаган эки партия түзүлгөн: Орус улуттук биримдиги (ОУБ) жана Улуттук большевисттик партия (УБП).

Улуттук биримдик партиясы 1986-жылы түзүлгөн «Память» улутчул тобунун негизинде пайда болот. Санкт-Петербургда өлтүрүлгөн окумуштуу Николай Гривенко дал ушул «Память» тобунун пайда болушу менен улутчулдук проблемасын изилдей баштайт. Кийинчерээк ал Орус улуттук биримдиги партиясына каршы сот ишинде катышат. Гривенко улутчулдарга каршы сот иштериндеги экперттик изилдөөлөрү менен да белгилүү. Мисалы, фашисттик «Щульц 88» уюмуна, бир катар улутчул маанайдагы басылмаларга жана саясий партияларга каршы сот иштериндеги көптөгөн изилдөөлөрү улутчулдардын шайын бир топ эле кетирип койгондугу маалым.
XS
SM
MD
LG