Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН АТКАРУУ БИЙЛИГИНИН ӨКҮЛДӨРҮ ДЕПУТАТТЫККА КЫЗЫГАТ?


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Парламенттик шайлоо 2005-жылдын 27-февралында өтмөкчү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Шайлоого чейин дагы 8 ай бар. Бирок ага катышаарын ачык билдирип, эл аралап, шайлоочулардын көңүлүн алуу үчүн аракеттер башталганына бир топ болду. Депутат болгусу келгендердин арасында аткаруу бийлигинин өкүлдөрү, алардын арасында аким, губернатор, министрлер да бар.

Аткаруу бийлигинин өкүлдөрү алдыдагы шайлоодо Жогорку Кеңешке депутаттыкка өткүсү келет. Мындай көрүнүштү эксперттер ар кандай баалап жатат. Айрымдары бул Өкмөт үйүнүн 7-кабатын таштап кеткен Мисир Ашыркулов сыяктуу эле мамлекеттик башчыдан алыстоого жасаган далаалат деп эсептесе, айрымдары кадр саясатында туруктуулуктун жоктугунан дешет.

Көп жылдар бою президенттин командасында жүрүп, учурда андан алыстап, алдыдагы парламенттик шайлоого баргысы келген министрлер, губернаторлордун аракетин айрым бир байкоочулар бул - аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн өз ара макулдашуусу менен болуп жатат дейт. Анткени келечекте Жогорку Кеңешке канчалык мурда аткаруу бийлигинде жүргөн, же алардын камчысын чабууга кызыкдар көз каранды адамдарды көбүрөөк тартуу менен Кыргызстанга Орусиянын кейпин кийгизүүгө умтулган күчтөр да жок эмес деп кошумчалайт кээ бир эксперттер.

Демек, алардын ою боюнча, мындан аткаруу бийлиги уттурбайт, тескерисинче, парламенттин аткаруу бийлигине көз карандылыгы артат. Мына ушул маселенин тегерегинде биз айрым эксперттерге кайрылганда алардын ою айрым жагынан үндөш чыгып жатты. Адегенде биз Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын жетекчилеринин бири Жыпар Жекшеевге кайрылганда ал буларга токтолду:

- Биринчиден, албетте кийинки парламенттин укугу кыйла күчтүүрөк болот эмеспи, азыркыга караганда. Экинчиден, мен ойлойм, аткаруу бийлиги азыр бир гана үй-бүлөөнү карап, ошолордун каш-кабагын байкап, алардын оюн билбей, ушунчалык чыңалган шартта иштеп жатат. Алар эч качан билбейт, эмне үчүн жумуштан кетирип жатканын эч качан айтпайт. Баягы “өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегендей, мамлекет башчысынын саясаты баарын тажатып бүттү көрүнөт го. Ушул башкы себеп болуп жатат го деп ойлойм.

Ал эми саясат таануу илимининин доктору, профессор Алыбек Акунов бул жерде Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы Мисир Ашыркуловдун кадамы да өз таасирин тийгизбей койбоду дейт. Анын айтымында, бирок баары бир эле аткаруу бийлигинин өкүлдөрү келечекте өз жетекчисинин алдында да, элдин алдында да жоопкер болгусу келбей, тынч турмушту көздөп жатканы да негизги себептердин бири:

-Мисир Ашыркуловдун аткаруу бийлигинен кетишине байланыштуу эми башкалар да аткаруу бийлигинен качып, депутаттыка талапкерлигин койуп жатабы деген ой туулушу мүмкүн. Бирок эмне үчүн аткаруу бийлигинин өкүлдөрү министрлер, губернаторлор депутат болобуз деп атканы менин оюмча, өзгөчө мыйзам чыгаруу бийлигин башка бийлик бутактары менен салыштарганда, салыштырмалуу түрдө өз алдынчалыгы, алардын кандайдыр бир “жоопкерсиздиги” аны шайлаган элдин алдында деле, 5 жылдын ичинде жоопкерчилик механизминин жоктугу. Бул - бир жагынан. Экинчи жагынан депутат болуу бул жок эле дегенде 5 жылга чейин жеңилдик алуу деп, аларга түрткү берип жатат го деп ойлойм.

Мына ушул сыяктуу суроого жооп издеген айрым талдоочулар буга чейин аткаруу бийлигинде жүргөн жетекчилер менчиктештирүүдөн жана башка ар кандай жолдор менен эбегейсиз байлыкка ээ болгонун эскертишип, ошол байлыгын сактап калуу үчүн алар Жогорку Кеңешке өтүп, өз кызыкчылыгын коргогон мыйзамдарды иштеп чыгып, жашоонун жаңы жолуна өтүүгө кызыкдар деп эсептешет. Бирок эбегейсиз байлыкка ээ болуп, буга чейин эл менен эсептешпей келген аткаруу бийлик өкүлдөрүнө шайлоо учурунда жалпы эл ишеним артабы? деген суроо азырынча аналитиктердин талдоосуна алына элек.

XS
SM
MD
LG