Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:01

ТҮШТҮК КОРЕЯ УЛЬТИМАТУМДУ КАБЫЛ АЛГАН ЖОК


Чолпон Орозобекова, Прага Иракта согушчандардын колунда барымтада жаткан түштүк кореялык атуул өз өкмөтүнөн өмүрүн сактап калууну суранууда. Анын жалынып-жалбарганын “Ал- Жазира” телеканалы көрсөттү. Бүгүн Түштүк Корея барымтачылар талап кылгандай Ирактан аскерлерин чыгарып кетмек турсун, дагы 3000 аскер жөнөтөөрүн жар салды. Бүгүн Багдадда АКШнын аскердик соту ирактыктарды кодулады деп айыпталып жаткан жоокерлердин ишин алдын ала тергей баштады.

Барымтада кармалган адам – 33 жаштагы, ишкер Ким Соң Ир. Анын тагдыры ырасмий Сеулдун Түштүк Кореянын Иракка аскер жөнөтүү жөнүндө таклибинин бекемдигине сыноо болду. Түштүк Корея Иракты калыбына келтирүүгө 3000 аскер жөнөтүү жөнүндө сөздү эки күн мурда баштаган. Дүйшөмбүдө соңку чечимин жар салды. Аны өз атуулунунун жарга такалган тагдыры да токтото алган жок. Эгер Түштүк Корея Иракка 3000 аскер жөнөтсө, анда ал коалициядагы Америка менен Британиядан кийинки үчүнчү күч болуп калат.

Жекшембиде “Ал-Жазира” каналы Түштүк Кореянын элин дендароо кылды. Көзүнүн жашын көлдөтүп, кудайга үнү жеткен адам Түштүк Кореянын бийлигинен “Ирактан аскерлерди алып чыгып кеткиле, менин өмүрүмдү сактап калгыла” деп жалынды:

- Суранам. Ирактан чыгып кеткиле. Мен өлгүм келбейт! Мен өлгүм келбейт!

Видеотасмада Ким өз мекендештерине ушинтип жалбарып жатты.

Ал эми өзүн “ал-каидачы” катары тааныштырган, жүзүн жаап-жашырган жоочулар Түштүк Кореяга 24 саат убакыт берди:

-Бул айтылган сөздөр - Түштүк Кореянын өкмөтү жана эли үчүн. Биздин жерден куралдуу күчтөрүңөрдү алып кетишиңерди талап кылабыз. Мындан ары биякка аскер жөнөтпөгүлө. Эгер бул шартка көнбөсөңөр бул корей улутундагы адамдын башы кесилет, аркасынан Ирактагы башка да корейлердин өмүрү кыйылат. Биз силерге 24 саат убакыт беребиз, мөөнөт жекшембиден башталды.

Ошентип, саат жебеси чыкылдап, берилген мөөнөт зымырап өтүп жатты. Сеулда Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук кызматы кезексиз жыйын өткөрдү. Бирок барымтадагы адамдын тууган- туушкандары үчүн кубанычтуу кабар алып келген жок. Тышкы иштер министринин орун басары Чой Йуң Жин маалымат жыйынында мындай деп билдирди:

- Мен айтып атам сиздерге, өкмөттүн руху да, туруму да өзгөргөн жок. Иракка аскерлерди жөнөтүү боюнча планыбыз мурдагыдай эле калат.

“Ал-Жазира” телеканалы билдиргенге караганда Багдаддагы бөлүмүнө видеотасманы белгисиз бирөөлөр таштап кеткен. Анда - барымтадагы адамдын артында бетин кара чүпүрөк менен думбалаган. көздөрү гана көрүнгөн куралчан үч адам. Дубалда илинип турган жазууда Абу Мусаб Заркави жетектеген топ экени жазылып турат. Адистердин айтымында, дүйнөнүн ар кай бурчундагы канчалаган жардыруулар ушул террорчул топтун абийиринде.

33 жаштагы Ким Соң Ир качан жана кандай кырдаалда барымтага түшүп калганы белгисиз. Тышкы иштер министрлиги боолгологонго караганда, 17-июнда Фаллужадан жүк ташып келаткан маалда туткундалган сыяктуу. Ким англис жана араб тилинде эркин сүйлөйт. Ирактагы соода компаниясында сегиз айдан бери тилмеч болуп иштеп жүргөн. Ал иштеген “Гана трейдиң компани”(Gana Trading Company) - америкалык аскерлер үчүн зарыл жабдыктарды, товарларды ташычу. Азыр Иракта Түштүк Кореянын 700гө чукул ар кандай кесиптеги адамдары иштеп аткан кез.

Түштүк Кореянын президенти Ноо Му Хен окуя абдан кайгылуу жана жагымсыз экенин айтып, күч органдарына барымтадагы адамды бошотуунун жолдорун ойлонууну тапшырды.

Ошондой эле, мамлекет башчы коомчулукка Иракка корей аскерлери согушуу үчүн эмес, өлкөнү калыбына келтирүү иштерине кол кабыш кылууга баратканын түшүндүрүү зарылдыгын баса көрсөттү.
Ушул дүйшөмбүдө АКШнын аскердик соту Багдадда "Абу Грэйб" түрмөсүндө кармалган ирактыктарды кодулады деп айыпталып жаткан үч америкалык жоокердин иши боюнча алдын ала тергөө ишин баштады. "Абу Грэйб" түрмөсүндө кармалган бир жигиттин агасы Али Жасимдин оюнча, айыпталуучу жоокерлерди америкалык соттун жазалаганы туура эмес:

- Бул сот – туура эмес. Анткени америкалык жоокерлердин ишин өздөрүнүн соту карап жатпайбы. Биз сотту Бириккен Улуттар Уюму жүргүзүшүн, ага бейтарап өлкөлөр жардам беришин каалайбыз.

Айыпталуучулардын адвокаттары болсо өздөрү таламын коргогон жоокерлер тек гана үстүдөн түшкөн буйрукту аткарган дешүүдө. Алар АКШнын Ирактагы аскер жетекчилигинин өкүлдөрүн да суракка алууга ниеттенүүдө.
XS
SM
MD
LG