Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:36

Орусиянын өкмөтү "ЮКОС" менен сүйлөшүү жүргүзүүнү көздөйт


"ЮКОС" мунай компаниясы менен кезинде төлөнбөгөн 3,4 миллиард доллар салыкты өндүрүүнүн жолдору боюнча өкмөт сүйлөшүү жүргүзүүнү көздөөрүн бүгүн Орусиянын каржы министри Алексей Кудрин билдирди. Анын айтымында, учурда тараптар аталган маселе боюнча кызматташууда. Ал эми "ЮКОС"тун өкүлү каржы министринин билдирүүсүн кубаттап, бирок сүйлөшүү жүрүп жатканы жөнүндөгү маалыматты төгүндөдү. "ЮКОС"тун жетекчилиги мурдараак аларга салык боюнча тагылган доо компанияны банкротко алып барышы мүмкүн экенин эскерткен.

Орус президенти Владимир Путин болсо өткөн аптада өкмөт "ЮКОС"тун банкротко учурашына кызыкдар эмес экенин белгиледи. Компаниянын мурдагы башчысы Михаил Ходорковский жана дагы бир ири акционери салык төлөөдөн качканы, көз бойомочулукка барганы үчүн айыпталып, учурда иштери сотто каралууда.

Кечки жаңылыктарды Прагадан Улан Эшматов даярдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG