Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

НАТО Ооганстанга тезинен кошумча күч жөнөтүшү керек


Бул тууралуу бүгүн Кабулдан БУУнун атайын өкүлү Жан Арно билдирди. Анын айтымында, эгер кошумча аскер келбесе сентябрь айына белгиленген шайлоо үзгүлтүккө учурашы мүмкүн:

- Акыркы үч аптанын окуялары кырдаал оңолбостон, стабилдүүлүк начарлап кеткенин да көргөздү.

Кошумча аскерлерди жиберүү маселеси НАТОнун ушул айдын соңуна Түркияда өтүүчү саммитинде каралмакчы. Кабарларга караганда, бүгүн эле Кандагар провинциясында шайлоону даярдоо менен алектенген кызматчыларды кайтарган жоокерди белгисиз адамдар өлтүрүп кетишкен.

Ооганстандын коргоо министрлиги болсо өлкөнүн түндүк-батышындагы Гор провинциясындагы башаламандыктарды басуу үчүн ал жакка эртең бир батальон аскер жөнөтүүлөрүн билдирди. Өткөн аптада жергиликтүү кол башчылардын биринин аскерлери провинциянын борборуна кирип алган.

XS
SM
MD
LG