Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:03

Түштүк Корея Иракка кошумча аскер жиберүү планынан баш тартпайт


Согушкерлер эгер Түштүк Кореянын өкмөтү Иракка кошумча 3 миң аскер жиберүү планынан баш тартып, азыр бул жерде турган 600 аскерин чыгарып кетпесе алардын колундагы түштүк кореялык атуул өлтүрүлөөрүн эскерткен эле. Барымтачылардын бири кечээги видео билдирүүсүндө буларды айткан:

- Бул Түштүк Кореянын өкмөтүнө жана корей калкына кайрылуу. Биз силерди жерибиздеги аскерлериңерди алып кетүүгө жана кошумча аскер жибербөөгө чакырабыз. Эгер андай болбосо, силерге барымтадагы адамдын жана анын менен кошо корей аскерлеринин көбүнүн башы жөнөтүлөт. Силерге жекшембиден тартып 24 саат беребиз.

Түштүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Чой Ен Чиндин билдиргенине караганда, барымтадагы кореялыктын бошотулушуна жетишүү үчүн өкмөт колдон келгендин баарын жасоодо. Башкалаа Сеулда болсо барымтадагы адамды бошотуу жана аскерлерди жибербөө талабы менен бүгүн колдоруна шам кармаган жүздөгөн адамдар көчөгө чыкты. Маалыматтарга караганда, Ирактагы согушкерлердин колунда 10 чакты чет элдик бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG