Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Фаллужада террористтердин анабашылары өлтүрүлдү


АКШнын аскерий командачылыгы кабарлагандай, Ирактын Фаллужа шаарында ишемби күнкү чабуул маалында ал-Заркавинин согушчан тобунун төбөлдөрү жок кылынды.

Жекшембиде Ирак полициясынын өкүлү Абдул Карим болсо абадан аткыланган имарат турак жай болчу, чабуулдан карапайым адамдар курман болду деп маалымдаган эле.

Кечээ Фаллужада 20 адамдын өмүрүн кыйган ошол аскерий операцияга каршы демонстрация болуп өттү.
Анын аралыгында Багдадда "Абу-Грайб" түрмөсүндөгү укук бузуулар боюнча сот процесси башталды. Анын жүрүшүндө Ирактагы америкалык күчтөрдүн жетекчиси генерал Риккардо Санчес жана аймактагы командачы Жон Абизайд суракка алынмай болду. Судья Жэймс Пол "Абу-Грайб" кылмыш жери экенин белгилеп, абак кайтарууга алыныш керек деди.

XS
SM
MD
LG