Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

ФАЛЛУЖАДА ӨЛТҮРҮЛГӨН АЙДООЧУЛАРДЫН ТУУГАНДАРЫ БИЛДИРЕШЕТ


Үстүбүздөгү айда Ирактын Фаллужа шаарында барымтага алынган алты жергиликтүү айдоочунун урук-туугандары айдоочуларды кыйнап өлтүрдү деп чет элдик согушчандарга жана радикал мусулмандарга доомат артышууда. Алардын айтымында, жергиликтүү полиция жана ирак аскерлери айдоочулардын өмүрүн сактап калууга эч кандай чара көрүшкөн эмес.

Ушул айдын бешинде жүк ташыгыч машина айдаган алти шийитти сунилер үстөмдүк кылган Фаллужа шаарына оокат-кечек ташып барган жеринен кармап кетишкен. Бир аптадан кийин алтоонун мүчөлөнүп, кескиленген сөөгү башка шаардан табылды. Айдоочулардын урук-туугандары Фаллужага барып, туткундарды арачылап калууга аракеттенишкен, бирок шаарды өз колуна алып алган чет элдик согушчандар жана жергиликтүү радикал молдолор ыкка келген эмес.
Ал Хай Хайри - Фаллужада сөөгү сөпөт болгон айдоочулардын биринин тагасы. Ал «Азаттыктын» кабарчысына буларды айтып берди:

- Шаарды кармап тургандардын айрымдары чет өлкөлөрдөн, башка араб өлкөлөрүнөн келгендер экен. Мен уккандан, айдоочулар "ал-Жамаа ас-Салафия ал-Мужахида" аттуу исламдык радикал кыймылдын башчысы Омар ал-Хадиди дегендин карамагында экен. Уюшмаларда - жалаң арабдар, баары ошого баш ийишет. Мен аларды өз көзүм менен көрдүм, Тунистен, Судандан, Йеменден келгендер экен.

Ал эми Хаир Абас Абид Фаллужадагы кан төгүүдө уулу Илястан, бир тууганы Хаммедден ажырады. Ал туугандары менен Фаллужага бир нече курдай барып, экөөнү бошотуп алууга далалаттанды. Абид да шаардын куралчан чет элдиктердин колунда экенине күбө болду:

- Биз сириялыктарды, палестиндерди көрдүк. Өздөрүн мусулман деп атаган жанкечти бомбачыларды үйлөрдө көрдүк. Фаллужа Ирактын калган бөлүгүнөн таптакыр бөлүнүп калган. Полиция менен армия жергиликтүү суни жол башчысы Абдулла Жанаби менен кызматташ.

Абид Жанаби менен бир нече жолу жолуккан, Жанаби "айдоочуларды суракка алып жатышат" деген, бирок кимдер сурап жатканын айтпай койгон. Бир нече күнгө созулган сүйлөшүүдөн жыйынтык чыккан эмес, Абиддин уулу менен инисинин сөөгү Фаллужадан 100 чакырым аралыктагы Рамади шаарынын өлүкканасынан чыккан. Инисинин алты кызы, эки уулу жетим калды.

«Булар өздөрүн можахед деп аташат, бирок можахед чынында эле Алла үчүн согушса, ушундай канкорлукка барабы? Булар - Исламдан тышкары калгандар» дейт Абид.

Жанаби бирок айдоочулардын өлүмүнө менин тийешем жок деп танууда.

Жабырлангандардын айтымында, айдоочуларды Фаллужада америкалык тыңчылар деп айыпташкан, иш жүзүндө аларды Сириялык компания Иракка товар жеткирүүгө жалдаган. Абид "буларды шийи болгону үчүн өлтүрүп кетишти" деп эсептейт. Барымтага түшкөндөрдүн арасында Абиддин кичүү уулу да болгон, ал кол салууда жараат алып, Фаллужанын сыртында турган Ирак армиясынын турагына качып барган, аскерлер АКШ армиясынын кишилерине "бул бала - ууру" деп айтышкан. Бирок америкалыктардын көзүнчө эч нерсе кыла алышкан эмес. «Америкалыктар болбогондо кичүү уулуман да ажырамакмын» дейт Абид. Учурда алты айдоочунун өлүмү боюнча иликтөө жүрүп жатат. Ирактын ички иштер министрлиги өткөн жекшембиде бул ишти Фаллужа полициясынан Багдадга өткөрүп берүүгө буйрук берди.

Айдоочулардын сөөгү жакында жерге берилди. Ирактын президенти, суни мусулмандарынын уруу башчысы Гази ал-Йавер өлүк коюга уулун жиберди. Ал эми "Азаттыктын" кабарчысы менен сүйлөшкөн Хаир менен Абид экөө тең полиция киши өлтүргүчтөрдү изин суутпай таап, жазасын бербесе, өздөрү өч алаарын айтышууда.

XS
SM
MD
LG