Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Ысыккөл облусундагы Тоң районундагы Төрткүл айылынын тургуну өлкө президентине өтүнүч кат жолдоду


КАРАКОЛ. Өтүнүч ээси Тукеш Шайлиевдин жазгандарына караганда, ал ушул жылдын 5-майында республиканын ички иштер министрлигинин кызмат абалынан пайдаланып жасалган кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы болуп иштеп жаткан уулу Чыныбек Алиевдин атып өлтүрүшүнө байланыштуу кылмыштын изи сууп калабы деп коркот. Анткени уулун өлтүргөн кылмышкерлер тууралуу эл арасында ар кандай ой жооруулар айтылганы менен так маалымат жок. 2004-жылдын февраль айынан тарта аталган башкармалыктын башчысы болуп иштеп жаткан уулум Чыныбек Алиевди атайлап киши өлтүрүү боюнча кылмыштардын бетин сен ачып бер деп тапшырма берилгени мени ойго салууда. Эгерде мындай оор кылмыштарды ачууга башка кызматкер тартылбаса, анда эмне үчүн уулумду кылмышкерлерди издөө бөлүмүнө которгон эмес, - деген собол таштаган Тукеш Шайлиев, кылмышкерлердин изин суутпай табуу талабын өлкө жетекчисине коёт.

XS
SM
MD
LG