Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:41

Польша архивине маалыматтар берилет


БИШКЕК. Бүгүн Польшанын президентинин канцеляриясынын статс-катчысы Анджей Майковскийдин Кыргызстандагы иш сапары башталды. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, анын сапарынын негизги максаты мурда Кыргызстанда жашаган поляк улутундагы адамдар тууралуу мамлекеттик архив кызматында сакталып турган маалыматтардын көчүрмөсүн Польшанын архив кызматына өткөрүп алуу. Маалыматтарды берүү макулдашуусу кыргыз президентинин ушул жылдын 15-17-март күндөрү Польша республикасына жасаган расмий визити учурунда түзүлгөн. Анджей Майковский сапары учурунда президент Аскар Акаев, Тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана мамлекеттик архив кызматынын жетекчиси Аскар Беделбаев менен жолугушуп, эки өлкөнүн кызматташуусу тууралуу пикир алышат.

XS
SM
MD
LG