Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Кабыл алынган мыйзам эки ача пикирди пайда кылууда


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны «Жамааттык уюмдар жана алардын бирикмелери жөнүндөгү» мыйзамды биринчи окууда кабыл алды. Эми мыйзамды иштеп чыккан өкмөт өкүлдөрү палатада айтылган сын-сунуштарды эске алуу менен долбоордун түзөтүлгөн варианттын алып чыгыш керек. Бирок, мыйзамдын биринчи окууда кабыл алынышы айрым депутаттар тарабынан кескин сынга алынды. Маселен, жаңы мыйзамга ылайык жамааттык уюмдар бухгалтердик эсепти эл аралык стандартка ылайык жүргүзүп, милдеттүү түрдө аудиттик текшерүүдөн өтүп туруш керек. Бул жамааттык уюмдарды жоюп, коомдун бул багыттагы ишини монополияга алынышына алып келет, деп билдирди депутат Марат Султанов.

XS
SM
MD
LG