Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

ЭӨЖыйыны эл аралык келишимдерди ратификациялайт


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 23-июнда баштала турган сессиясында эл аралык келишимдер менен макулдашууларды ратификациялоо жана Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчилерин дайындоо багытындагы 30 мыйзам долбоорун карайт. Бул маселелер бүгүн палатанын эл аралык,тышкы экономикалык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитет жыйынында каралып, жактырылды. Алардын арасында Кыргызстандын ЕККУдагы, БУУдагы,Дүйнөлүк соода уюмундагы жана батыш Европадагы бир катар мамлекеттердеги элчилерин дайындоого макулдук берүү, Орусиянын Кыргызстандагы авиабазасынын статусу жана эл аралык автокаттамдар тууралуу Казакстан менен түзүлгөн келишимди ратификациялоо маселелери бар.

XS
SM
MD
LG