Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:21

Акыйкатчы мурдагы кызматкерлерин жазалоону өтүндү


БИШКЕК. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Ички иштер министрлигинин региондор аралык башкармалыгы менен Жалалабад облустук ички иштер башкармалыгына арыз жолдоду. Анда Акыйкатчынын Жалалабад облусу боюнча мурдагы өкүлү Кушназар Камытов жана өкүлчүлүктүн мурдагы кызматкерлери Нурлан Нышанов менен Бахадур Ахмедовдун мамлекеттик менчикке зыян келтирип, финансылык мыйзам бузууларга баргандыгы үчүн кылмыш ишин козгоп, жоопко тартууну өтүндү. Мындай маалымат бүгүн Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунан алынды. Анын маалыматына караганда, буга Акыйкатчынын мурдагы кызматкерлери сүрөөнчүлөрдөн түшкөн 50 миң сомду, укук таануу боюнча БУУнун Өнүгүү программасы берген 47 миң сомдук китепти,кызматтык чөнтөк телефонду жана башка буюм –тайымдарды дайынсыз жоготуп, өкүлчүлүккө кайтарбай жатышкандыгы себеп болду. Акыйкатчынын Жалалабад облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери буга чейин Турсунбай Бакир уулунун мыйзамсыз иштери үчүн тартипке чакырууну талап кылган билдирүүлөрдү таратышкан эле. Турсунбай Бакир уулу ал аракетти «Алардын баары менин Акыйкатчы болуума каршы болгон Ак үйдөгү айрым адамдардын көрсөтмөсү менен жасалып жатат» деп баалады.

XS
SM
MD
LG